Ал эми айылдыктар болсо өлкө сыртынан гана эмес өлкө ичинен дагы жумуш издешүүдө. Жан багуунун дагы бир түрү – мал багуу.
Акчаларды малга салгыла!
Абдрахман го иштейт экен, башкалар болсо болгону мал чарбачылык менен алек. Алар көп мал багып, семиртүүгө аракет кылып келишет.
Кийин эмне болсо ошо болсун!
Дал ушундай ой бүгүн коомчулукка тарап кеткен. Дал ушундай мамиле жерибизге, жайыттарга чоң зыяндарды алып келүүдө. Айыл-чарба жана азык-түлүк уюмунун адистеринин жардамы менен малчылар эсептөөлөрдү жүргүзүшкөн. Натыйжада малчылар жайыттарда 3–4 эсе көп мал кайтарылары белгилүү болгон. Башкача айтканда 40–50 баш мал кайтарылчу жерге 150 кой кайтарылат. Бул көрүнүш ири мүйүздүү малдарга дагы тиешелүү.
Дагы башка себеп бар. “Айрым депутаттардын миңдеген малдары бар. Бул депутаттардын малдары дагы жайыттарды бузууда. Өкмөт жана Жогорк Кеңеш да күнөөлүү, алар ушундай эл өкүлдөрүнө жол берип жатышат”,-деди Эмил Шүкүров
Эмне кылуу керек?
Ошондой эле калк менен иштөө зарыл. Чабандарды жайыттарды туура колдонууну үйрөтүү керек. 9 млн гектар жайыттардын жарымы бузулган. Малдын саны өсүп жаткандыктан жайыттарды туура пайдалануу программасын мурда эле киргизүү керек болчу. Жайыттардын социалдык-экономикалык жактан маанилүү экенине байланыштуу “Жайыттар тууралуу” мыйзам кабыл алынган, ага ыдайык, аларды башкаруу жайыттарды колдонуучулар ассоциациясына берилген. Жайыттардын жоголуусун алдын алуу үчүн малдарды алыскы жайыттарга оттотуу зарыл.
Кандай иштер жасалды?
Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен “Жайыттарды жакшыртууну башкаруу” долбоору ишке киргизилген. Аны АРИС жана Айыл-чарба министрлигинин жайыт департаменти ишке ашырууда. Ишке ашыруу мөөнөтү 2019-жылга чейин.
Башкаруу үчүн электрондук формат кригизилген. Ал жайыттардын бузулуп жатканы тууралуу маалымат берип, өз убагында тиешелүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Электрондук системанын жардамы менен вакцинациялоо процесси тууралуу маалымат алып, малдын саны тууралуу, бузулуп бара жаткан жайыттар жана жайытты колдонуу үчүн төлөнгөн каражаттар боюнча малымат алса болот.
Мал чарбачылыгын жана жайыттарды изилдөө институту, «Кыргыз жайыты», Кыргыз улуттук агрардык университет, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция, Ветеринардык палата ж.б. колдоодо.
Малдарды дарыламайынча жайыттарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү аз. Долбоордун алкагында ветеринардык факультеттердин 48 бүтүрүүчүсү тажрыйбалуу мал доктурлардан сабак алышат. Бүтүрүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия тандап алат. Тажрыйбасы менен бөлүшө турган мал доктурга 400 доллар бөлүнөт.
Ой жүгүртүүнү өзгөртүү керек
Жайыт колдонуучулар жерге кылдат мамиле жасоону үйрөнүүлөрү керек. Мал көп болуп, аларды кайтарууга жер жок болсо ким кандай пайда табат? Биз мындан байып кетебизби? Донордук уюмдардын жардамы менен жайыт комитеттеринин мүчөлөрү тренингдерге катышышты, бирок жайыт колдонуучуларында болгон маалыматтын аздыгынан улам маселе курч бойдон калууда. Буга жайыттарды туура эмес пайдалануу, билимдин жетишсиздиги, кадрлардын токтобой жумуштан кетип жатканы, жайыт комитеттерге кызматкерлерди алуудагы катачылыктар бирден бир себеп экенин Чүй облусу боюнча жайыт, мал чарбачылыны жана балык чарбачылыгы боюн департаментинин адиси Алымкул Карбозов билдирди.
Ирина Байрамукова