Айталы дегенибиз дүйѳнѳдѳ акыркы жылдары авто унаа техникасы эле эмне деген революциялык чоң ѳзгѳрүүлѳргѳ дуушар болууда. Мындан бир нече жыл мурда Tesla компаниясы бензинсиз, газсыз жүргѳн, электрдик кыймылдаткыч менен иштеген авто унаа чыгарып баштаган.
Блок батерейкасы 320 киловатка чейин. Негизинен ал машинеге электрдик энергия колдонулат. Бирок кошумча газ баллону бар. Эгер зарядды ѳчүп калса, 1500 километрди газ менен айдаса болот.
Компаниянын эсеби боюнча электр майдын баасы дизелден эки эсеге аз. Бирок бул американын баалары менен алганда. Анткени ал жакат дизель арзан. Ал эми Европа жана Азияда кичине кымбатыраак болгондуктан электрдик машине айдоо андан да арзанга түшѳт.
Эми бул жаңы авто унаа кыргыз жолдоруна качан келет деген шаштысы кеткендер дагы жок эместир. Мындай авто унаалар Кыргызстанга келиши үчүн болгону бир нече электр заправкалар керек. Анын үстүнѳ ѳлкѳдѳ энергосистема бириккени («Датка-Кемин» долбоору) жол жээктерине мындай электр куючу жайларды салуу кыйынга деле турбаса керек.