Каражатты алуучулар эл аралык стандарттарга ылайык иштеген ишкерлер. Негизинен алар өз өнүмүн экспорттоп, жаңы рынокторду багынтууну каалаган ишкерлер. Алар мамлекет тарабынан каражат жана колдоо алышат. Буга чейин ЭКОНОМИКА насыя берүү тууралуу макаласында бул тууралуу жазган болчу.
Каражатты алуучулар:
- ХАССП принцибине негизделген азык-түлүк коопсуздук менеджмент системасы менен иштеген жана өнүм чыгарууда коопсуздук үчүн эл аралык стандарттарды колдонуп өнүмдүн сапатын жогорулаткан ишкерлик субъекттер.
Каржылоо тармактары:
–эт өндүрүшү, мал союучу жайлар;
–балык өнөр-жайы;
–жашылча жана жемиштерди кайра иштетүүчү өнөр-жай;
- май өнөр-жайы;
- сүт өнөр-жайы;
- ун өнөр-жайы, анын ичинде малдар үчүн тоюттар;
- крахмал өнөр-жайы;
- нан өнөр-жайы;
- кант өнөр-жайы;
- кондитердик азыктар өнөр-жайы;
- ун азыктарынын өнөр-жайы;
- даяр тамактарды чыгаруу өнөр-жайы;
- малдар үчүн тоют өнөр-жайы;
- балды кайра иштетүү өнөр-жайы;
- Айыл-чарба өнүмдөрүн сатып алууну, сактоону, ташууну уюштуруучу логистикалык борборлор;
- Айыл-чарбасы үчүн жер семирткичтерди өндүрүү;
- Айыл-чарба өнүмдөрүн, анын ичинде жемиштерди сактоо, таңгактоо;
- таңгактарды чыгаруу;
- дары чөптөрдү кайра иштетүү;
Насыя берүүнүн негизги шарттары:
–акыркы пайыздык чен жылына 6%;
- ишкерлик субъекттери үчүн насыяны кайтарып берүү мөөнөтү – 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо — 120%дан кем эмес;
- насыянын суммасы 1 млн сомдон кем эмес жана 30 млн сомдон жогору эмес;
- насыя алып жаткан киши долбоордун жалпы суммасынын 20%ын өзү төлөөсү керек;
–негизги сумадан төлөп баштоо – насыя алгандан кийин бир жылдан соң;
- төлөө – квартал сайын;
Насыя алуу механизми:
–насыя тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу берилет.
Насыя берүүдөгү негизги шарттар (талаптар):
–ишкананын активи болушу керек;
- эл аралык стандарттарды анын ичинде ХАССП киргизүү тууралуу бизнес-план;
–салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу;
- чыгарылган өнүмдүн суроо-талапка ээ болуусу;
- ишкана 2 жылдан кем эмес убакыт аралыгында ийигилктүү иштеп жаткан болушу керек;
- иштеп жаткан өндүрүш линиясы болуусу зарыл;
- өнүм ата мекендик чийки заттардан жана материалдардан жасалышы (кайра иштетилүүсү) керек.
Максаттуу пайдаланууну текшерүү:
Эл аралык сапат стандарттарын жана ХАССП принциптерин киргизүү мөөнөтү насыя алгандан тарта 2 жылдан ашпашы керек. Аны далилдөө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин комиссиясы аркылуу ишке ашат.
Долбоорду өздөштүрүүдөгү мындан аркы кадамдар:
–коммерциялык банктардын талаптарын аныктоо, банктар менен келишим түзүү;
- тандалып алынган коммерциялык банктарга бюджеттик насыяларды берүү;
–ишкерлик субъекттерге коммерциялык банктар аркылуу жеңилдетилген насыяларды берүү.
Бардык суроолор боюнча Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигине төмөнкү номур боюнча кайрылсаңыздар болот: 62−38−53 же 62−38−60.