Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2017-жылы республиканын чарбакер субъекттеринен бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча 3 млрд. 623 млн. сом суммасында карыз кайтарылды. Анын ичинен: негизги карыз – 2 млрд. 727,21 млн. сом, пайыздар жана айып пулдар – 895,79 млн. сом.
Чарбакер субъекттердин бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2017-жылга болжолу 3 млрд. 43,21 млн. сомду түзгөн. Анын ичинде: негизги карыз – 2 млрд. 306,51 млн. сом, пайыздар жана айып пулдар – 736,7 млн. сом.
Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин эксперттеринин пикиринде, болжолдуу көрсөткүчтөр валюталардын курстарынан, калкыма чендердин өлчөмүнөн, инфляциянын деңгээлинен түздөн-түз көз каранды жана Карыздык милдеттенмелердин графиктерине ылайык карыздарды кайтаруунун күтүлүп жаткан көлөмдөрүн эсепке алуу менен аныкталган.
Мындан тышкары, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүдөй өлчөмдөгү зайымдык каражаттар кайтарылды: Германиянын (KFW) насыясы боюнча 296,07 млн. сом, Евразия өнүктүрүү банкынын насыясы боюнча 79,09 млн. сом, Япония Өкмөтүнүн гранттык багыты боюнча 30,53 млн. сом, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясы боюнча 23,36 млн. сом, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттарынын багыты боюнча 14,82 млн. сом, АКШнын Өнүктүрүү боюнча эл аралык агенттигинин (USAID) насыясы боюнча 5,96 млн. сом, Түркиянын насыясы боюнча 3,75 млн. сом.