Сырткы соода бажы маселеси Евразиялык экономикалык комиссиянын 18-августта өткөн жыйынында талкууланды.
Орусия жана Беларусь Вьетнамдан 10 миң т күрүч алып келүү боюнча квота бөлүп алышты. Дагы ушунча көлөмдөгү күрүч 2018-жылы ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соодалашуу аймагы тууралуу Макулдашуунун алкагында ЕАЭБге бажы салыгысыз алынып келиниши мүмкүн.
Кыргызстан болсо күрүчтү өзү өстүрөт жана эң көп сатылганы Баткен облусунда өстүрүлгөн Ак-Турпак күрүчү. Анын 1 кг болгон баасы 200 сом. Учурда Казакстан жана Кыргызстан күрүчкө болгон талаптарын толугу менен камсыз кылып келет, ошондуктан ата мекендик күрүч өстүрүүчүлөр чочулабай эле коюшса болот.
ЕЭКтин мүчөлөрү ЕАЭБге төмөндөтүлгөн бажы төлөмү менен алынып келинген эт жана сүт азыктарына дагы квота бөлүүнү чечишти. Арменияда каралып жаткан товарлар Бирдиктүү бажы тарифине караганда төмөн болгонуна байланыштуу квоталар 4 өлкө ичинде бөлүштүрүлдү.
Убактылуу же 1 жылга велосипед чыгаруу үчүн керек болгон нерселерге бажы салыгы алынбайт. Учурда бажы салыгы 5 — 15%. Кыргызстанда велосипед чыгарган жер жок болгондуктан бул биздин өлкөгө тиешелүү эмес.
Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүндө айлануучу чынжырлар, күпчөк, чынжыр жылдызчалары, тормоз, педаль жана башка тетиктер чыгарылбайт. Ал эми чыгарылып жаткан дөңгөлөктөр, камералар аз санда болуп, велосипед өндүрүүчүлөрдүн талаптарын толугу менен камсыз кыла албайт.
Бул таттуулар арзан болуп калат дегендикпи? Бара көрөбүз!