Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова 1-февралда, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиялык жыйынына катышты. Жыйын жүрүшүндө аймактын 2017-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары, ошондой эле 2018-жылга коюлган пландар жана милдеттер каралды.
Чолпон Султанбекованын айтымында, өткөн 2017-жыл республикалык маанидеги саясий жана экономикалык ири иш-чараларга бай болду.
“2017-жылдын 15-октябрында өлкөбүздөгү өткөрүлгөн президенттик шайлоо дүйнө элинин назарын буруп, анын ийгиликтүү, ачык-айкын таза өткөндүгүнө баарыбыз күбө болдук. Коомубузда туруктуулук калыптанып, мамлекетибиз жалпысынан өнүгүү жолуна түшкөнүн элибиз көрүп турат”, – деп белгиледи Чолпон Султанбекова.
Ошондой эле ал белгилегендей, 2017-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасы республиканын социалдык-экономикалык системасын өнүктүрүүгө багытталып, жакынкы беш жылда элдин бакубаттуулугун көтөрүү боюнча негизги маселелерди чечүүгө арналган.
“Мында өнүгүүнүн дээрлик баардык тармактарын камтыган Программа ырааты менен ишке ашырылат. Учурда бул багытта ишкердүү аракеттер көрүлүп, алгачкы алгылыктуу натыйжалар байкала баштады”, – деди Чолпон Султанбекова.
Вице-премьер-министр облустун социалдык жана экономикалык көрсөткүчтөрүнө кененирээк токтолуп кетти. Анын айтымында, азыркы учурда облустун аймагында улуттук маанидеги ири долбоорлор ишке ашырылууда. Атап айтканда, быйыл стратегиялык мааниси зор Түндүк-Түштүк альтернативалык унаа жолунун курулушу улантылып, Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышы күтүлүүдө, Кара-Кече көмүр кенин натыйжалуу иштетүү боюнча ири инвестор тартуу иштери жүргүзүлүп, Жумгал районундагы Баш-Кууганды суу сактагычы ишке берилет.
“Мындан тышкары, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы кабыл алынды. Жарлыктын негизги максаты – бул өлкөнүн бардык региондорун динамикалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу системасынын натыйжалуулугун арттыруу болуп эсептелет. Жакынкы арада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлүп, иш-чаралардын тиешелүү планы бекитилет”, – деп баса белгиледи Чолпон Султанбекова.
Ошону менен бирге вице-премьер-министр облустун социалдык блогунда, атап айтканда, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы кадрлардын жетишсиздиги маселесин белгиледи. Ошондой эле ал ымыркайлар өлүмүнүн жана оорулардын алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Коллегиянын жыйынтыгында Чолпон Султанбекова бүгүнкү жыйында каралган бардык маселелер жана кабыл алынган чечимдер облустун 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүн арттырууга натыйжалуу таасирин берет деген ишенимин билдирди.