• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Кызыл Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Франческо Рокка менен жолугушту

sab_6845

👁 735

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков 30-апрелде, Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Франческо Рокка менен жолугушту.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасы Федерациянын ишмердүүлүгүн жогору баалайт жана эки тараптуу кызматташтыктын чыңдалышына чоң маани берет.

«Федерацияга саламаттык сактоо жаатындагы жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү, ага жооп кайтаруу жана кырсыкардын тобокелдигин төмөндөтүү маселелерин чечүүгө көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Сиздер тараптан жүргүзүлгөн иштердин маңызы терең жана коомдук мааниге ээ», – деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Вице-премьер-министрдин айтымында, Кыргызстандын географиялык жайгашуусуна жараша, жер көчкү, кар көчкү, сел каптоо жана зилзала сыяктуу жаратылыш кырсыктары арбын орун алат. Алсак, 2017-жылы өлкөдө 169 жер көчкүсү орун алып, натыйжада, адам курмандыктары менен коштолгон. Буга байланыштуу республикабыз Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясы өзгөчө кырдаалдар масштабын кыскартуу, жаратылышы кырсыктарынан жоготууларды жана зыянды төмөндөтүү боюнча превентивдик чараларды кабыл алуу жаатындагы долбоорлорду иштеп чыгууга көмөк көрсөтүүсүнө кызыкдар.

Өз кезегинде Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай федерациясынын президенти Франческо Рокка Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун алгылыктуу ишин белгилеп, келечекте жемиштүү кызматташууну өнүктүрүгө жана чыңдоого даярдыгын билдирди.

«Биргелешкен күч-аракет аркылуу Кыргызстандагы өзгөчө абалдардын алдын алуу жана ага ыкчам жооп кайтаруу мүмкүндүгү бар. Биз аталган багытта топтолгон тажрыйбабыз менен бөлүшүүгө даярбыз. Биздин түзүмдүк подразделениелердин иши өзгөчө кырдаалдарга натыйжалуу жооп кайтаруу ыкмасына үйрөтүү болуп саналат. Ошондой эле биз биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосуна үмүттөнөбүз», – деди Франческо Рокка.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Федерацияга Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн волонтерлорду даярдоодо колдоо көрсөтүүсүнө ыраазычылык билдирди жана Франческо Рокканы Оюндардын ачылыш аземине катышууга
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости