Жогорку Кеӊеште өлкөнүн жол тармагын Евразия экономикалык бирлигинин талаптарына, анын ичинде Бажы Бирлигинин “Автомобиль жолдорунун коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламентине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Автомобиль жолдору жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Өкмөттүн пикири боюнча, күтүлгөн натыйжа ББ ТРни пайдаланууда ыйгарым укуктуу көзөмөлдөөчү органдардын ишмердигиндеги дискрецияны жоюуга, ошондой эле жолду куруу, пайдалануу жана жолдор менен жол обьектилерин тутуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ченемдик-техникалык тутуму менен ченемдик укуктук жөнгө салуу мамилелерин калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет.
Баяндамачы сунушталып жаткан өлкөнүн техникалык регламенти ЕАЭБ талаптарына толук туура келерин, Евразия экономикалык бирлигинин регламенти Евробирликтин регламентине ылайыкташтырылуу менен иштелип чыкканын белгиледи.
Андан тышкары, КР Бюджеттик кодексинин талабына ылайык, Социалдык фонддон башка бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүүгө тыюу салынгандыктан, “Автомобиль жолдору жөнүндө” мыйзамындагы “Жол фондусу жөнүндөгү” мыйзамына шилтеме жасалган ченемдер алынып салынганы белгилүү болду.