Тарыхка кайтсак.
Тойгонбаев интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын чоң атасы Айткеш Тойганбаев СССРдеги журналисттер союзунун I съездинин делегаты болуп тандалып алынган.
Бирок Адиль Тойгонбаев Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин кызы Бермет менен баш кошкондо белгилүү болду.
Ал ээлик кылган жайлар:
-
- Бишкектеги арак чыгаруу заводу;
- Канттагы цемент-шифер заводу;
- Бишкектеги«Шампанвинкомбинат»;
- Кайыңдыдагы кант заводу;
- «Вечерний Бишкек» гезити;
- «КООРТ» телеканалы ж.б.
Ошондой эле ал Бишкек аэропортунда жана Манастагы америкалык авиабазага күйүүчү май ташыган «Аалам сервис» ишканасынын ээси болчу.
2005-жылдагы окуядан кийин Адиль Тойганбаев өлкөдөн качып кеткен дагы Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал алдамчылыкка, монополизмге, ири уурдоолорго, салыктарды төлөбөгөн деп айыпталууда.
2005-жылы Шереметьево аэропортунда кармалган. Бирок 2 суткадан кийин орусиялык укук коргоо органдары аны кое беришкен.
2011-жылы Алматыдан аны кармашкан, ал Кыргызстандын укук коргоо органдарына көрсөтмө берүүсү керектиги жана тууралуу кат жолдонгон, бирок ал келген эмес.
2013-жылы Алматыдан кайра кармашкан. Бирок кайра эле эркиндикке чыгарылган.
2014-жылы Москвада кармалган, бирок кайра боштондукка чыгарылган.
2016-жылдын март айында Дубайда кармалып, бирок кайра эле бошотулган.
Экстрадиция болуусуна биздеги мыйзамдар туура келбей калып жатты.
Учурда Адиль Тойганбаев өзүн саясатчы көрсөтүп, Казак улуттук конгрессинин лидери катары социалдык тамактарга чыгууда.
2008-жылы Адиль Тойганбаев «Технология мечты» деп аталган китеп жазган. Анда ал «Нур Отан» партиясын жана казак оппозициясын бир топ сындаган.
ЭКОНОМИКА кылмыш кылып издөөдө жүргөн адамдардын тизмеси менен шилтеме аркылуу өтүп таанышса болорун эске салат.