• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын транспорттук компаниялары кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк алышат

doroga-trassa-horoshaya

👁 920

Кыргызстан 2014-жылдын май айында ЕАЭБге киргенден кийин өлкөнүн мамлекеттик органдары экономикалык ар кандай тармактардагы нормативдик акттарды ЕАЭБдин эрежелерине ылайык иштеп чыга башташкан.

Эми кезек транспортко дагы жетти. Экономиканын бул түрү жалпы рынок чындыгында бар экенин көрсөтүп турган чыныгы мисал боло алат. Интеграция жана салыксыз бажы тууралуу көп нерсени айтса болот, бирок сиз ЕАЭБге мүчө болгон бир өлкөдөн экинчи өлкөгө товарыңызды маселе жок өткөрө албасаңыз– бул экономикалык биримдик эмес.

Кыргызстандын транспорт жана жол министрлиги ЖКга “Административдик жоопкерчилик тууралуу КРнын Кодексине “ өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жүк ташуучулары Кыргызстандын ичинде жүк ташуу ишин жүргүзө алышат, бирок албетте, бир нече талаптарды аткаруу менен.

Коммерциянын бул түрү каботаждык ташуу деп аталып, экономикалык биримдиктин ишинин негизги көрсөткүчү болуп саналат. Тиешелүү жоболор ЕАЭБдеги башка өлкөлөрдө дагы иштелип жатат. Тактап айтканда, Орусияда, Беларусияда жана Казакстанда иш активдүү жүрүп жатат.

Жаңы жобого ылайык, каботаждык ташуу эрежелерин бузгандарга 500 көрсөткүчтөгү айыппул салынат. Бул иштер Кыргызстан “2016–2025-жылдарга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ташуучулардын каботаждык автомобилдик жүк ташууларын баскыч-баскыч менен либералдаштыруу программасына” кошулгандыгына ылайык жүрүүдө.

Ошентип биздин өлкө ЕАЭБдин экономикалык аймагында биздин экономиканы реалдуу интеграциялоо үчүн дагы бир кадам жасоодо. Бул биздин транспорттук компанияларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде каботаждык ташууну тоскоолдуксуз жүргүзүүгө шарт түзүп берет.

Бирок ЕАЭБге мүчө болгон өлкөлөрдөн келген ошондой эле компаниялар биздин мамлекеттин аймагында дагы ташуу иштерин аткара алышат.

Бул мамлекеттердин транспорттук компаниялары биздикине слыштырмалуу сапаттуу техника менен камсыз болгон. Бирок баага карай турган болсок, биздин компаниялар атаандаштыкта туруштук бере алат. Учурда бул өтө маанилүү.

Ошондуктан бул жобону ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде жана бизде кабыл алуу менен биздин компаниялар кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошондой эле транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн кайра уюштуруу иштерине кетчү убакытка ээ болушат. Бирок бул убакыт аздык кылат.

Казак жана орус транспорттук компаниялары мамлекеттен колдоо таап, өнүгүп жатканы белгилүү. Муну биз Польша жана Балтия өлкөлөрүнүн чек арасыда болгон транспорттук конфликт учурунда байкадык. Колдоо бул биринчи кезекте – көтөрмөлөө эмеспи.

Ошондуктан керек болгон учурда орусиянын транспорттук компаниялары каалаган каржылык эмес жардамды ала алышат. Бул көрүнүш биздин компанияларга тиешелүү эмес.

Азырынча биздин Транспорт министрлигибиз гранттарды жана арзан насыяларды жол курууга эле сарптап жаткан кези. Бирок ташуу тармагында транспортчуларга эч кандай жардам көрсөтүлбөй эле келет. Компаниялар рынокто жалгыз күрөш жүргүзүп келишет.
Бизде транспорттук агенттиктердин ар кандай ассоциациялары бар, башкача айтканда транспортчулардын профсоюзу деп койсок да болот. Азыр алар бул тармакка байланышкан мыйзам долбоорун иштеп чыгууда активдүү болушу керек. Себеби кийин биздин тарап жабыркап калышы ыктымал.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости