• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын тоо-кен тармагында 13 көйгөйлүү маселе бар

geologiya-28

👁 2,224

Май айы аяктап бара жатат, демек, өлкөнүн тоо-кен тармагында жумуштар күч алат.

Жыл бою тынбай иштеген кен иштетүүчү жайлар бар, бирок алтын, көмүр казуучу жайлардагы иштер жана жаңы эле кен чыгуучу аймактар изилденип баштаса жумуштардын баары күн жылыган соң башталат.

ЭКОНОМИКА тоо-кен компанияларынын жетекчилеринен, тоо-кен тармагындагы ири инвесторлордон жана бул тармактагы бир катар консультанттардан сурамжылоо жүргүзүп, Кыргызстандагы тоо-кен бизнесиндеги көйгөйлөрдүн рейтингин түздү.

Биринчи орунда – инвестициялардын жетишсиздиги. Республикадагы баардык чакан жада калса ири компаниялар негиздөөчүлөрүнүн акчасы менен иштетилет. Дүйнө жүзүндө тоо-кен компанияларында насыя алуу мүмкүнчүлүгү бар, ал эми бизде болсо жок. Ошондуктан, өзүн-өзү актоого жетише элек кен компаниялары жумушун улантуусу үчүн каражат жетишсиз болуп калат.

Кыргызстандын тоо-кен тармагына банктар насыя берүүсүн каалабаганынын бир нече себеби бар. Бир жагынан алганда өлкөлөр арасында рейтинг жакшы эмес жана чет өлкөдөгү инвестициялык топтордун арасында биздин мамлекеттин аброю да жок. Тилекке каршы биздин бийлик өлкөнү, атап айтканда тоо-кен тармагын инвесторлор үчүн жарнама деле кылбайт. Интернетте “Центеррадагы” абал өтө начар экенин жана Бакиев «Оксус Голд» компаниясынан “Жерүйдү” тартып алганын жазган журналисттер да жок эмес. Ал эми чет элдик Интернетте өлкөнүн тоо-кен тармагы тууралуу жакшы маалыматтарды окуй алган жокпуз. Кыргыз жеринде Менделеевдин таблицасындагы баардык кендер бар экенин, бул жерде салыктар төмөн экенин, өкмөт менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сүйлөшсө болорун жана ири дүйнөлүк биржаларда акциялары бар

компаниялар иштеп жатканын жазсак деле болмок да.

Алтын тармагына тиешелүү болгон дагы бир себеп бар. 1998-жылдын 14-майында кабыл алынган “Баалуу металлдар жана таштар тууралуу” Мыйзам боюнча мамлекет Кыргызстанда өндүрүлгөн алтындарды сатып алары жазылган. Мыйзамды кабыл алып жатканда бул алтын тармагына инвестицияларды тартууда бомба болорун ойлонушкан эмес. Көпчүлүк компаниялар дал ушул мыйзамдын айынан өнүкпөй жатат, себеби каржыны берген банктар күрөөнү алтын менен алышат. Эгерде мамлекеттин алтын сатып алууга укугу жогору болгондуктан эч кимге кереги жок сом менен сатып алышат, Улуттук банк алтынды сом менен алганда компания кайра валюта же алтын сатып ала албай калат деген коркунуч бар. Сом формалдуу түрдө алмаштырууга болгон валюта катары саналганы менен көп суммадагы сомду чет элдик валютага которуу реалдуу эмес.

Биздин сурамжылоого катышкандар экинчи орундагы көйгөйдү коррупция деп аташты. Алардын айтымында, ал мамлекеттик жөнгө салуу жана тоо-кендерин көзөмөлдөө тарагында облустук да республикалык да деңгээлде гүлдөп өсүүдө. Алардын арасында күч органдары да жок эмес. Мыйзамга ылайык бул органдар өзүнүн чечими менен компаниянын ишин токтотуп коё алышат, ошондуктан компаниялар бул коркунучтун алдын алуу үчүн дайыма акча коротууга аргасыз. Кимдир бирөө бул коррупциялык иш тууралуу билгиси келсе биздин редакцияга кайрылсын – бизде бул тууралуу көп материал чогулду.
Үчүнчү орундагы көйгөй жергиликтүү калктын каршылыгы. СССР кулагандан бери бизге келген гранттар адамдардын түшүнүгүн өзгөртүп койду жана алар чет элдик компаниялар бизге акча берүүгө милдеттүү деп санашат. Аким анын районуна келген жаңы тоо-кен иштетүүчү компания менен таанышып жатканда алгач эле: “Кана, кандай жардам бересиңер?”-деген суроо салат.

Жер-жерлерде тоо-кен компаниясы салыктарды гана төлөп, мыйзамды гана сакташ керек деген мыйзам боюнча баштарын да оорутуп коюшпайт. Мыйзамга ылайык, социалдык пакеттер өкмөт өткөргөн сынактар боюнча гана стратегиялык долбоорлорго каралган. Буга карабастан компаниялардан мектеп куруп берүүнү, жолдорду оңдоп берүүнү жана жөн гана акча төгүп турууну талап кылышат. Биздин сурамжылоого катышкан компаниялардын менеджерлери айылдардагы жакырчылыкты көрүү менен алар кирешесинин бир бөлүгүн жергиликтүү тургундарга жардам катары берүүго даяр экенин билдиришти. Бирок, алар коркутууларга туш болуп, жумуштарына тоскоол кылгандарды көргөндө жардам берүү каалоосу жоголуп каларын белгилешти.

Буга байланыштуу «Макмал» кениндеги ызы-чуу боюнча мамлекет кенде тополоң чыгаргандары катуу чара көргөнүн кол чаап коштосок болот. Мамлекет ызы-чуу кайра уланарынан, Ак үй алдында болуп жаткан митингдерден коркпостон инвесторлорду коргоого даяр экенин көрсөттү.
Төртүнчү орунда – тоо-кен компанияларынын өтө эле саясатташып кеткени. Негизинен тоо-кен бизнеси өтө кызыксыз жана саясатка тиешеси жок болуш керек. Себеби ал тармакта өтө көп коркунучтар бар: геологиялык, техникалык, инвестициялык. Тоо бизнеси – инвестициялык жактан алганда өтө “назик” жана инвесторлорду оңой эле чочутуп алууга болот. Бирок пиар үчүн айрым депутаттар тоо-кен компанияларынын ишин саясатташтырып жиберишүүдө. Депутаттардын ойлонбой сүйлөгөнүнөн улам айрым инвесторлор ал кен рейдерлик кенге айланат деп ойлоп Кыргызстандагы долбоорлорду каржылоону токтотуп койгон учурлары болгон. Мындай учурлар 2012, 2013, 2014-жылдары болгон.

Азыр депутаттар тоо-кен компанияларына жардам беребиз дешсе анда аларды жайына коюп, көзөмөлдөөнү мамлекеттик органдарга бергени жакшы.

Бешинчи орунда – иштин токтоп калуу коркунучу, башкача айтканда, узак убакытка пландоого мүмкүнчүлүктүн жоктугу. Бул баардык кен компанияларына тиешелүү. Күч органдары, комиссиялар жана көзөмөлдөөчү органдар тууралуу айттык. Жайында Бишкектен инспекциялар жана комиссиялар текшерүү менен барышат. Ал эми кайра тоюп алып кайтышат. Эгерде кимдир бирөө тойбой калса анда нааразычылык башталат дагы компания жабылып калышы мүмкүн. Мисалы, Чаткал районун алалы, ал жакта алтын кенин казуу боюнча лицензиялар көп алынганы менен бир нече компания гана иштеп келет.

Алтынчы орунда – жаңы кен чыгуучу жайды алууну жана жаңы жерлерди изилдөө жүргүзүүнү каалаган инвесторлордун көйгөйү. Жер казынасы тууралуу мыйзамда каралган 2010-жылдан калган аукциондук система эн жаман нерсе. Бул система коррупцияга жол ачат жана алар лицензияны тез ала алышпайт. Аукциондук система: “Бакиевдин учурунда лицензияны 300 сомго сатып алышчу, келгиле эми аны 15 миң долларга саталы” деген лозунг менен ишке киргизилген. Бирок каалаган участокту аукционго тез чыгаруу мүмкүн эмес. Аукционго кен казылуучу жайлар бекитилген план менен чыгарылат. Иш жай жүрөт, аукциондор үзгүлтүккө учурайт, кайра белгиленет ж.б. Ар бир чакан аукциондук жерлер үчүн он миңдеген долларларды алган мамлекет кен чыгуучу жайлардан ири суммадагы салыктарды албай калып жатат. Аукциондо турган жайлар эбак эле ишке киргизилип салык төлөп баштамак. Бул системаны жоюу өлкөгө инвестиция тартууга чоң көмөкчү болмок.

Жетинчи көйгөй – тоо-кен тармагында кесипкөй адистердин жетишсиздиги. Геологдор, тоо-кен инженерлери, казуу боюнча адистер жетишсиз. Совет мезгилинде билим алган адистер пенсияга чыгышкан же көзү өтүп кеткен. Ал эми 1990-жылдары билим алгандардын көпчүлүгү россиялык, казакстандык, канадалык, австралиялык кен казуучу жайларга иштегенге кетип калышкан. Негизинен тажрыйбасы аз адистер калышкан. Жада калса консалтинг компанияларында кесипкөй кызматкерлер аз эле калды.

Чет жакка кеткен адистерди түшүнсө болот: Кыргызстанда жумуш туруктуу эмес. Алар иштеп жаткан жайга болгон жолду тургундар тосуп алышат же коррупцияга баткан аткаминерлер лицензияларын жокко чыгарып кызматкер жумуштан кетүүгө аргасыз болот. Россияда туруктуулук күч.

Билим берүүнүн начарлыгынан улам тоо-кен тармагында адистер аз. Негизи билим берүү начар болгон учурда практика абалды жөнгө салып кетет, бирок бизде практикалык жактан билим берүү системасы жок. Өкмөт бул маселени чечкиси келсе ал ири компаниялар менен сүйлөшүп, практика өтүүгө студентке мүмкүнчүлүк алып берип, аларга аз болсо да маяна төлөө жагын карап бермек. Бул студенттер үчүн жакшы практика болсо, компанияларга жумушчу күч ашыкча болмок эмес. Ал эми келечекте тажрыйбалуу адистер даярдалмак.
Сегизинчи орунда – мыйзам актыларындагы карама-каршылыктар. Мисалы, аукциондорду өткөрүү тууралуу мыйзамда карама-каршылыктар өтө көп. Бул актыларды анализдеген юристтер аукцион аркылуу алынган лицензияны каалаган учурда сот аркылуу алып койсо болорун айтып келишет. Мыйзам чыгаруучулардын тажрыйбасынын аздыгынан улам дал ушундай жарылуучу зат мыйзамда жүрөт.

Тоо-кен мыйзамы жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзамга да ылайык келбейт. Бир жеринде айыл-чарба жерлерин трансформация кылуу керек деп жазылса, башкасында ал жерлерди убактылуу пайдаланып, бирок кайра кайтарып берүү керек деп жазылган. Дал ушундай абалдан улам ири компаниялар биздин жерде иштөөдөн качууда себеби биринчи текшерүүчү эле жерди мыйзамсыз колдонуп жатканын айтып чыгат.

Жерлер туура эмес классификацияланган. Жерлер бузулууда, такыр жерлер кагазда азыркыга чейин жайыт катары саналып келет. Же документте токой деп белгиленген жерлерден бир да бак-дарак көрүүгө болбойт.

Тогузунчу көйгөй – жер казынасы боюнча мекемедеги баардык чечимдер коллегиалдуу болушу керек деген талап (учурда — Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети). Бул нерсе дагы 2010-жылдан калган, ушундай жол менен коррупцияны жоюуга мүмкүн деп санашкан.

Бирок иш жүзүндө бул теңирден тескери болуп калган. Сурамжылоого катышкандардын пикиринде, бул система коррупцияны жамынып алган. Эгерде мурун кайсы бир аткаминер кабыл алган чечими боюнча жеке башы менен жооп берчү жана эгерде ал пара алган болсо анын иши боюнча укук коргоо органдарына арызданса болчу.

Ал эми азыр болсо компаниянын лицензиясынын мөөнөтү бүтсө, аткаминерлер: “Кечирип койгула, комиссия чогулбай калды”-деп коёт. Кийин: “Кечирип койгула, бул маселе күн тартибине кирген жок , “Бул маселени кароого жетишпей калдык”. Же комиссия болбогон чечим кабыл алышат дагы вал үчүн эч ким жооп бербейт, себеби чечим коллегиалдуу кабыл алынган. Дал ушул комиссия аркылуу аткаминерлер жеке жоопкерчиликтен кутулушту.

Кадрдык геологдордон сырткары ал жакта социалдык билими жоктор отурганы бул комиссиянын экинчи көйгөйү. Бирок алар техникалык маселелер боюнча инвесторлордун тагдырын чечишет.

Компаниянын жетекчиси алмашат. Компания өзгөрүүлөрдү Юстиция министрлигинде каттайт жана мыйзам боюнча каралган бонусту төлөйт. Бирок бул фактты комиссияда далилдеп берүү керек. Теориялык жактан комиссиянын мүчөлөрү каршы добуш беришсе болот.
Онунчу орунда өлкөгө жаңы инвесторлордун келүүсүнө болгон тоскоолдук – Кыргызстандын жер казынасы тууралуу жарнаманын жоктугу. Баардык өлкөлөр жарнама менен иштешет, анткени мамлекеттер арасында инвесторлорду тартуу боюнча атаандаштык бар. Ал эми бизде болсо тоо-кен инвесторлору өздөрү келет деп ойлошот. Биз геологдор үчүн презентацияларды өткөрүп, майнинг форумдарды уюштуруп Интернетке жарнама берсек болмок ж.б.
Он биринчи көйгөй – тоо-кен жайларын изилдөө үчүн карталардын жоктугу. Жер казынасын пайдалануу комитетинде карталар бар, бирок аны 1960-жылдары жада калса 1940-жылы СССРдин Генштабы түзгөн. Алар учурда актуалдуу эмес: 50 жыл ичинде көп нерсе өзгөрдү – көпүрөлөрдөн тарта айылдардын чегине чейин. Ошондуктан компаниялар өз эсебинен карталарды түзүүгө аргасыз. Мамлекет бирдиктүү топографиялык система түзүүгө көп эмес сумма салса болот жана бул инвесторлорго жакшы шарт болуп бермек.
Он экинчи пункт – электр энергиясы. Алыскы райондордо электр тармактары жакшы өнүккөн эмес жана кубаттуулук жетишпей калат. Компаниялар энергоинфраструктураны өз эсебинен түзүшөт. Энерготармакта коррупция гүлдөгөн. Электр энергиясын өз убагында кошуу үчүн аймактык “элктро” менен сүйлөшүү керек, болбосо “бизде план бар жана жакынкы айларда сиз ага кирбейсиз” дешет. Кийин электр энергиясын кошуп бергенден кийин электр энергиясын текшерүүчүлөр келип баштайт…
Он үчүнчү көйгөй – жол тармагы. Башкача айтканда, жакшы жолдордун жоктугу. Мамлекет бул маселе менен алек болууну инвесторлордун моюнуна жүктөп койгон. Тоо-кен компаниялары салыкка кирешенин 10 пайызын эмес андан да көбүрөөк төлөшөт дагы кайра жолдорду жасоого аргасыз. Жергиликтүү калк отко май чачып, жолдорду жакшы абалда сактоону талап кылышат. Алар бул иштерди Жол министрлиги эмес, компания жасашы керек деген пикирди карманып келишет.

Жогоруда саналган көйгөйлөр тоо-кен тармагында иштегендерге жакшы белгилүү. Биздин оюбузча бул маселени чечсе болот: кайсы бирлери жеңил, кайсы бирлери татаал. Бизге пикирлерин билдирген бизнесмендер Кыргызстанда бийлик жакынкы жылдары тоо-кен индустриясындагы көйгөйлөргө көңүл бөлүп, чечүү керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости