Көпчүлүгү айыл-чарбачылыгы, соода, кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Кыргызстанда колхоздор-совхоздор жоюлгандан кийин көпчүлүк үй-бүлөлөр натуралдык чарбага өтүшкөн.
Каттоодон өткөн ишканалар жана эмгек рыногу көбүнчө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Чүй облусунда жана Ысык-Көлдүн айланасында түзүлгөн.
Ошондой эле жумуш жоктугунан улам айылдагылардын шаарга келүүсү, шаардагылардын чет жактарга кетүүсү абалды бир топ курчутуп жатат. Жумушсуздуктун деңгээли канча экени так белгисиз. Бирок расмий маалымат жок эле жумушсуздук канча кулач жайып, канча күч алганын билсек болот.
«Мехр-Шавкат» коомдук фондунун координатору Саида Ахматакунова талаада иштегендердин көбү аялдар экенин билдирди. Айтымында, дал ушул айымдар үй-бүлөнү тамак-аш менен камсыз кылууну колго алышкан.
Крнын Экономика министрлиги жаңы жумушчу орундарды түзүү менен бул максаттарга жетсе болот деп эсептейт. Ишкер айымдарга жардам берип, экономикалык процесстерде аялдардын катышуусун күчтөндүрүү зарыл.
Совет мезгилинде Кыргызстан эт жана сүт азыктарынын өлкөсү болуп келсе, учурда бул нерсе унутта калгандай. Импорттон болгон көз карандылык айыл тургундарынын шаарга бет алганына да байланыштуу болууда. Дыйкандардын жер иштетүүгө кеткен чыгымдарынын дагы көп болуусу айыл-чарба тармагына бир топ терс таасир берип келет
Энелердин жана балдардын өлүмү дагы деле көп болууда. Абанын булгануусунан улам бул абал дагы курчуп барат.
Азырынча бул маселелер бизди курчаганы курчаган. Балдар билимсиз жана алсыз болуп өсүүдө, балдар кылмышы жогорулоодо. Өсүп келе жаткан муун аз кандуулук менен жабыркап келет. Өлкөнүн келечеги кандай болот?
Ирина Байрамукова