Мына ошол депутаттардын 2017-жылкы бюджетке карта жүрүп жаткан талкуусунан 2016-жылдын башынан берки Кыргызстандын сырткы карызы 160 миллион долларга ѳсүп кеткендигин эшиттик. Азыр учурда сырткы карыз болжолдуу түрдѳ 3,7 миллиард долларды түзѳт.
Айрым депутатар (ѳзгѳчѳ Таабалды Тиллаев бюджет жана каржы комитетинин тѳргасы; «Республика-Ата-Журат» фракциясынын депутаты) мындан ары сырткы карызды ѳстүрүү ѳтѳ коопту деп айтып келишет. Анткени Кыргызстандын карызы ички дүң продукциясынын 56,2% ын түзүп калган.
ИДП — ички дүң продукцияны эгер жѳнѳкѳйлѳштүрүп түшүндүрѳ турган болсок, ѳлкѳдѳгү бир жылда ѳндүрүлгѳн бардык товар жана кызматтардын баасы (кыска мѳнѳттѳгү алып сатуулар кошулбайт – тагыраагы акыркы колдонуучуга жеткен товар гана эспетелет). Кыргызстандын ИДПсы 454 миллиард сомду түзѳт.
Депутат Тиллаев жана башка кѳпчїлїк биздин сырткы карызды 60% ИДПдан жогорулатпаш керек деп кан кашап келишет.
Ал эми ЭКНОМИКА гезити бул жаатта окурмандарга кичине башкараак кѳз карашты сунуштайт.
Кыргызстан эгемендикти алган жылдардан бери эл аралык каржы уюмдарынын талаптарына ѳтѳ кѳңүл коюу менен мамиле жасады. Чынын айтсак ѳтѳ эле аша чаап, кѳңүл коюштун анчалык деле кажети жок эле.
Кыргызстан аларга жипке байланган иттей болуп артынан ээрчип, алар эмне талап кылса ошонун бардыгын жасашты. Сырткы карыз ИДП 60 пайзынан ашпаш керек деген талапты дагы депутат Тиллаев ойлоп тапкан жок, бул дагы болсо так мына ошол бизге кредит берген эл аралык уюмдардын талаптары.
Кыргызстандын чоң кредиторлору:
«Эксим Банк» Кытай — 1,4 млрд $
Азия ѳнүктүрүү банкы (ал дагы негизинен кытайлардын каражаты) — 576 млн $
Дүйнѳлүк банк — 636 млн $
Япония — 265 млн $
Ал эми чындыгында Кыргызстан чет элдик кредит берүүчүлѳрдүн талабын гана аткарбастан, ѳлкѳнүн ѳнүгүшүнѳ кѳбүрѳєк кѳңүл буруусу керек эле. Азыр Кыргызстанга жаңы жолдор керек, айыл чарбасына жаңы технология, жаңы ишканалар, жумуш орундарын түзүү зарыл.
Биз мигранттарды экспорттогон ѳлкѳ болууну токтотуп Кыргызстадан чыккан товарларды экспорттоого ѳтүшүбүз керек. Эгер кредит алуу ал максатка жакындата турган болсо, анда аны дагы алуу керек.
Бирок алынган кредит ар кимдин кара курсагына кетпѳѳсү үчүн ар бир тыйынды ѳтѳ дыкаттык менен кѳзѳмѳлдѳѳ керек. Жогорку Кеңеште депутаттар эл аралык каржы уюмдарынын талаптарын кайталай бербестен, андан кѳрѳ кредитке алынган ар бир доллар биздин экономикабызды кѳтѳрүүгѳ жумшала турган критерийлерди иштеп чыгышса болмок. Мисалы, чет элдик консультант же чет элдик компанияларга чоң суммаларды тѳлѳгѳндѳн кѳрѳ, єзїбүзгѳ ишкана ачсак дурусураак болмок.
Кредиттин артында саясый себептер бар. Мисалы бир ѳлкѳ башка ѳлкѳгѳ «сатып алуу» менен таасирин жүргүзүү же экономикалык: мисалы, Кытай Кыргызстанга акча берип жатат. Бирок чындыгында ал акчаларды ѳзүнѳ ѳзү берип жатат.
Акча жол курууга берилүүдѳ, бирок ал жолду кытай компаниясы курууда, ошондуктан акча кайра эле Кытайга кетип жатат. Ошондой эле Кытайдын жүк ташуучулары эл аралык базарга Кыргызстан аркылуу жакшы жол менен чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлѳт дагы Кытай бир ок менен эки коёнду атып алат.
Ал эми Кыргызстан ал акчаны Кытайга їстєк пайызы менен кайра кайтарып бериши керек. Андыктан эл аралык кредит берүүчүлѳр келесоо эмес жана кайрымдуулук дагы кылышпайт. Алар берген кредити менен ѳздѳрү каалаган нерсени: саясый таасир же болбосо ѳзүнүн ишкерлерине ыгайлуу шартты түзүп жатышат.
Ошондуктан эл аралык кредиттерди кѳп учурда кыскартышат же чийип салышат. Мисалы, Советтер Союзу Кубада саясый таасирин жогорулатуу үчүн кредит берип турган. Андыктан кансыз согуш учурунда Куба СССРдин тарабында болгон да, АКШга каршы турган.
Ал эми СССР саясый таасири үчүн миллиарддаган доллар менен Кубага тѳлѳп келген. Кийин Орусия СССРдин ордуна Кубага кредитор болуп, 2014-жылы Кубанын 90% карызын, 30 миллиард долларды чийип салган. Калган 10 пайызын 10 жылдын ичинде жарым жылдан бѳлүп тѳлѳп туруусуна шарт түзгѳн. Бул жалгыз эле мисал эмес. Кредитти Дүйнѳлүк банк жана Кытай мамлекти дагы чийип келет.
Андыктан кошумча кердиттин зыяны деле жок. Албетте ал акчалар кредит бергендердин кызыкчылыгы же мамлекет башындагалардын чѳнтѳгүнѳ эмес кыргыз экономикасынын кѳтѳрүлүшүнѳ жумашлса жакшы болмок.