• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетине үлүштүк төгүмү 8,8% түзөт

44

👁 449

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети “Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.
ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашууда ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартибин, ошондой эле төгүмдөрдүн өлчөмүн аныктайт, ал ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечимине ылайык, үлүштүк катышуу принциптеринин негизинде Уюмдун бюджетине мүчө-мамлекеттер жыл сайын киргизет.

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бул макулдашуу күчүнө киргенден тарта 2003-жылдын 29-майындагы ШКУнун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндөгү макулдашуусу күчүн жоготот.

Андан тышкары, тиркемеде ШКУга мүчө мамлекеттердин үлүштүк төгүмдөрүнүн өлчөмү белгиленип, ага ылайык ШКУ бюджетине Кыргызстандын үлүштүк төгүмүнүн өлчөмү 8,8 пайызды түзө турганы белгилүү болду.

Жыйын жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев Кыргызстандын ШКУ бюджетине төгө турган үлүшүнө кызыкты. Каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун айтымында, 8,8 пайызды акчага которгондо, ал болжол менен 696 миӊ 830 доллар болот.

Депутат 696 миӊ доллар өтө эле көп каражат экенин, Кыргызстан мынчалык каражатты бир дагы уюмга төлөбөй турганын белгилеп, ШКУ түзүмүндө канча кыргыз өкүлү иштерин сурады. Өкмөт өкүлү анда 6 квота белгиленгенин билдирди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости