Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш ишканасынын продукцияларын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирүүдө.
Казакстандын Айыл чарба министрлиги мындан тышкары эки кыргыз ишканасынын айрым продукцияларына карата лабораториялык көзөмөл күчөтүлгөнү да маалымдады. Ветераинардык текшерүүлөр күчөгөндөн бери кыргыз товарларын алып кирүү азайган.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал Президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындап чыккандан бери өзгөрө элек.
Фитосанитардык көрсөткүчтөр боюнча чектөө киргизилген ишканалардын тизмеси:
«Шинлайн» ЖЧКсы — Сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу, сатуу (даяр сүт азыктары);
Тууганбаев жеке ишкер — Сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу, сатуу (даяр сүт азыктары);
«Талас-Сүт» ЖАКы— Сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу, сатуу (даяр сүт азыктары);
«Элимай» ЖЧКсы— Сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу, сатуу (даяр сүт азыктары);
«Ак Сут» ААКсы — Сүттү кайра иштетүү жана сүт азыктарын чыгаруу, сатуу (даяр сүт азыктары);
Жалпысынан Казакстанга өнүмүн ташууга укугу бар 25 кыргыз ишканасы бар, алардын ичинен:
15 — сүттү кайра иштетүүчү;
8 — балык өнүмүн өндүрүүчү;
2 — эт азыктарын өндүрүүчү ишканалар.
ЕАЭБ өлкөсүнө сүт азыктарын ташыган бардык ишканаларга тыюу салынбаганын көрдүңүздөр.
Балким биздин өндүрүшчүлөр бул маселеге саясий өңүттө баа берүүдөн мурун товарынын сапатын бир карап көрүшөт?