2017-жылдын 20-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы 2012-жылдын 20-сентябрында мурда берилген насыялар боюнча карызын жөнгө салуу тууралуу макулдашууга карата протокол 2018-жылдын 22-февралында күчүнө кирди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Ошентип, Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн Протокол күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык ички мамлекеттик жол-жоболор аткарылды.
Ушул Протоколдун күчүнө киришине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы 240 млн. АКШ доллары суммасындагы карызы бир эле убакта кечирилди.
Ушундан улам көрсөтүлгөн күндөн тартып мамлекеттик карыздын түзүмүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын алдындагы карызы жок.
Кыргыз Республикасынын карызынын жоюулушу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын көрсөткүчтөрүнө оң таасирин тийгизет.