• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын программисттери европалык компанияларда талашка түшүүдө

22

👁 1,107

Эл аралык инвестициялык форум учурунда программалык камсыздоо тармактарынын перспективалары жана Кыргызстандагы жогорку технологиялар тууралуу Кыргызстанда программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу ассоциациясынын төрагасы Азис Абакиров менен талкуулашты. Ал экономикага пайда алып келүү үчүн программист болуу пайдалуу экенин билдирди.
“20 жыл мурун Кыргызстанда маалыматтык технологиялар менен алектенген 2 гана компания бар болчу, ошол маалда орточо маяна 30 доллар болсо, программисттердин айлыгы 400 доллар болчу. Ошондуктан планды ишке ашыруу менен катар эле кызматкерлерге маяна төлөө үчүн чет жактардан долбоорлорду издеш керек эле. Интернет аркылуу инвесторлорду таап, каражат тапчубуз. Ошол маалда көпчүлүк эксперттер бизде програмисстер бар экенине таң калышчу. Кыргызстанда нефти жана газ жок, алар бай коңшуларынан көз каранды деп айтышчу. Бирок бизде эң башкы ресурс бар – адамдар. Ошентип Интернет биз үчүн бешинчи океан болуп, амбициябызды ишке ашырууга жардам берип жатат”,-деди Абакиров.

Дал ушул нерсе Кыргызстанда ассоциация түзүүгө себеп болду. Өкмөткө технологиянын жардамы менен экономиканы өнүктүрүү үчүн сунуштарды берип баштадык. 2007-жылы компанияларга жеңилдик берип, Жогорку технологиялар паркын түзүүнү сунуштадык.

“Өкмөт бизди колдоду, бирок революция болуп кетип, долбоор ишке ашпай калды. Алардын баарын кайрадан чогултуу зарыл болду. 2011-жылы парламент бизди колдоп берди, президент Жогорку технологиялык парк тууралуу мыйзамга кол койду, бирок мамлекет алдында айрым шарттарды аткаруубуз керек болчу. Биринчи шарт – баардык иштер программалык камсыздоолорду иштеп чыгуу үчүн маалыматтык технологиялар менен байланышуу керек эле. Экинчиси – биздин кызматтарыбыздын 80%ы экспорттолуш керек болчу. 2014-жылы 11 компания 80 миллион сомду айлантып турду. 2017-жылы 518 миллион сом болду”,-деди Абакиров.

Анын айтымында, 3 жыл ичинде экспорт толугу менен өзгөрдү. 2014-жылы кызматтар Россияга жана Казакстанга экспорттолуп келсе, былтыр биринчи орунда АКШ жана Ирландия экинчи орунда турат. Бул өлкөдө Европага кызмат көрсөткөн компаниялар бар жана алар үчүн биздин адистер программалык камсыздоо жазышат.

“Жогорку технологиялар паркы үчүн биз бюджеттен бир сом да алган жокпуз, 1,1 млрд сом иштеп таптык, башкача айтканда, ар бир программист бир миллион сомдон тапты”,-деди ал.

Абакировдун айтымында баары бир адистер тартыш. Компанияларга студенттерди үчүнчү курстан тарта эле алып кетишет, учурда паркта болжол менен 450гө жакын программисттер бар.

“Белоруссияда биздин кесиптештер бизди шылдыңдашат. Алар бир жылда миллиард пайда табышкан, биз болсо үч жылда ушундай көрсөткүчкө чыктык. Бирок биз кызмат көрсөткөн өлкөлөрдүн тизмеси көп нерседен кабар берип турат. Кытайлыктар “Бир кур, бир жол” долбоорун ишке ашырууда, бизде дагы ошого окшош. Башкача айтканда, баарыбыз өлкөнүн ар кайсы бурчунан адистерди чогултууга аракет кылып жаиабыз”,-деди Абакиров.

Абакиров белгилегендей, башка өлкөлөр менен атаандаша алышат, көпчүлүк Европалык компаниялар ата мекендик сайттарга жарыя беришет. Ошондуктан 2030-жылы Кыргызстан маалыматтык технологиялар тармагында дүйнө менен бир деңгээлге чыгат. Бирок көйгөй бар – бул жакта окуган програмисттер башка өлкөлөргө кетип жатышат. Көпчүлүгү кайра келишпейт.

“Европалык компанияларда биздин адистер ийгилик жаратышып, талашка түшүшөт. Биз үчүн бул атаандашууга себеп. Бирок маяна дагы жогорулоодо, ал эми сапаты дүйнөлүк болуп саналууда. Ошондуктан жакынкы күндөрү кыргызстандык програмисттер тууралуу дүйнө сөз кылып баштайт”,-деди Ассоциациянын төрагасы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости