Кыргызстандын офшордук бизнесмендери
Бул материал «Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциумунун» (ICIJ) маалыматтарынын негизинде жарыяланган. Бул — өз ишинде аларга сыягы, атайын кызматтар тарабынан берилген маалыматты колдонгон журналисттик уюм болуп саналат. Жөнөкөй журналистке офшор дүйнөсүнөн, болгондо да офшордук юридикалык фирмалардын гиганттык маалымат базасындагы жашыруун маалыматтарды таап чыгуу өтө кыйын.
«Офшордук маалыматтар» Кыргызстанга тиешеси бар төмөндөгү офшордук компанияларды көрсөтүүдө:
Minden Business Limited
Компания Британиянын Виргин аралдарында 2004-жылы 30-декабрда түзүлгөн. 2013-жылдын жазына чейин компания иштеп турган, андан кийин маалыматтар жок.
Көрсөтүлгөн акционерлер: Сайкал Акаева ( экс-президент Аскар Акаевдин келини), Асель Бактыбек, компания Tionette Group Limited (Британиянын Виргин аралдары)
Компания ортомчу аркылуу катталган — россиялык фирма Hill Consulting Ltd., кеңсеси Москвада «Москва-Сити» комплексинде жайгашкан.
Danum Solis Ltd.
Компания Британиянын Виргин аралдарында 2005-жылы 27-ноябрда түзүлгөн.
2013-жылдын жазына чейин компания иштеп турган, андан кийин маалымат жок.
Бул компаниянын акционери жана директору катары Кыргызстандын жашоочусу Ангелина Ли көрсөтүлгөн (базада анын дареги Чүй проспекти деп көрсөтүлгөн).
Бул офшорду каттоодо ортомчу катары Unitrust Services компаниясы болгон.
Krant Partners Ltd.
Компания Британиянын Виргин аралдарында 2008-жылы 20-июнда катталган жана 2010-жылы 9-ноябрда жоюлган.
Анын акционери катары Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашаган Шапай Акматалиев көрсөтүлгөн.
Бул офшорду каттоодо ортомчу катары Goldstar Equity Ltd фирмасы көрсөтүлгөн.
Aspersal Limited
КомпанияБританиянын Виргин аралдарында 2005-жылы 30-декабрда катталган жана 2016-жылы 30-апрелде жоюлган.
Бул компаниянын акционери катары Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жашаган Шапай Акматалиев көрсөтүлгөн. Бул компаниянын экинчи акционери — Unico Limited компаниясы (Сейшел аралдары); ага мындан тышкары дагы жыйырма юридикалык адамдардын үлүшү тиешелүү.
Aviation Technical Support Limited
Компания 1996-жылы сентябрда Британиянын Виргин аралдарында катталган жана 2008-жылы апрелде жоюлган.
Бул компаниянын акционери катары Нургуль Расулова көрсөтүлгөн (дареги — Аламүдүн районунун Лебединовка айылы). Бул фамилия менен ысымды интернеттен издөө ал Жогорку Кеңешке Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынан (КЭДП) 2010-жылдагы шайлоодо депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.
Hort Group Limited
Компания Британиянын Виргин аралдарында 2008-жылы 20-июнда катталып, 2010-жылы 9-ноябрда жоюлган (түзүлгөн жана ишмердүүлүгү жоюлган датасы Krant Partners компаниясына окшош).
Бул компаниянын акционери катары Нургуль Расулова көрсөтүлгөн (дареги — Аламүдүн районунун Лебединовка айылы). Бул фамилияны жана ысымды интернеттен издөө ал 2010-жылы шайлоодо Жогорку Кеңешке Кыргызстан Элдик-демократиялык партиясынан (КЭДП) депутаттыкка талапкер болушу мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.
Zengr Limited
Компания 2012-жылы февралда Батыш Самоа мамлекетинин юрисдикциясында катталып, 2016-жылдын башына чейин али жоюлган эмес.
Анын акционерлеринин бири катары Бишкек шаарындагы дарек менен Улукбек Рысбаев болуп саналат. Мындай ысым жана фамилядагы адам Жогорку Кеңештин экс-депутаты жана бизнесмен Рустам Мамановдун уулу болуп саналат.
Nomicos Enterprises Corp
Компания 2011-жылы ноябрда Британиянын Виргин аралдарында катталган жана 2016-жылдын башына карата жигердүү болгон.
Анын ээси катары Бишкектин ортосундагы дарек менен Сергей Петраков жазылган.
Бул компанияны каттоодо Unitrust фирмасы ортомчу болгон.
Sheracson Consulting Ltd.
Компания Британиянын Виргин аралдарында 2003-жылы 10-ноябрда катталган жана азыркы учурда жоюлган.
Каттоо боюнча кипрдик ортомчусунун толук дареги: PPB Inc. Limited Griva Digeni 87–89 Nikolaou & Zavos Centre, Office 305 3101 Limassol P.O.Box 52412 P.O.Box 52412 4064 Limassol, Cyprus.
Анын акционерлери:
— Алия Керимбаева [экс–кеңешчи, андан кийин — КРнын Каржы министринин орун басары *** [Компаниянын ишмердүүлүгү ал мамлекеттик кызматты ээлебеген мезгилге туура келет];
— Азамат Мурзалиев [ «Альфа Телеком» ЖАКтын мурдагы башкы директру];
— Аман Тентиев [ «Электр станциялары» ААКнын экс-башкы директору];
— Эрмек Исманкулов (дареги Бишкек шаары деп көрсөтүлгөн); ал өзү —компаниянын директору;
— Руслан Турбатов (дареги Бишкек шаары деп көрсөтүлгөн); ал өзү — компаниянын директору;
— Андрей Козимсков
— Красников Хусанов
— Коңурбаев Эрмек
— Джахонгир Джураев (Өзбекстан); ал өзү —компаниянын директору.
Verney Productions Ltd.
Компания 2008-жылы 8-февралда түзүлүп, бирок анын катталган өлкөсү маалыматтар базасы белгисиз – болжолдуу түрдө Белиз же Британиянын Виргин аралдары.
Акционер — Жолдошбек Акматалиев (дареги Аламүдүн районунун Көк-Жар айылы деп көрсөтүлгөн). Компания 2013-жылга карата иштеп турган.
Valmeca Universal SA
Багам аралдарында 1995-жылы 21-февралда катталган.
2015-жылдын аягына чейин жоюлган эмес.
Бул компанияда — акциялары көрсөтүүчүдө, бирок анын бенефициары катары Владимир Никонов көрсөтүлгөн (дареги Бишкек шаары деп көрсөтүлгөн). Владимир Федорович Никонов Австриянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп саналат, эки ЖЧК Victoria Art жана ЖЧК Valmeca Universal фирмаларын жетектеген. Компаниянын дагы башка кош жетекчилери катары Roland Francois Felicie мырза көрсөтүлгөн, резиденти Сейшел аралдары.
Бул компания өз учурунда, Roland Assets Limited жана James Merchants Ltd.
Romilly Limited компанияларынын ээси болуп саналат.
Ангилья мамлекетинде катталган (Кариб деңизи).
Компаниянын акционери катары Израилдин резиденти Ruddy Messod Menahem Khayat көрсөтүлгөн (компанияны каттоо үчүн ал Жолдошбек Акматалиев көрсөткөн Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы ошол эле даректи көрсөткөн).
Бул материал дайыма жаңы маалыматтардын алынышына карап толукталып турат.
Белгилей кетүүчү жагдай, кайсы бир жарандын офшордук компаниянын ээси болуп саналган факт ал мыйзамга каршы бир иш жасагандыгын билдирбейт.