Алардын ичинен:
- 3 млрд 871 млн 59 миң доллар (267 млрд 668 млн 96 миң сом) мамлекеттик тышкы карыз;
- 374 млн 36 миң доллар (25 млрд 881 млн 99 миң сом) мамлекеттик ички карыз.
Буга чейин биз мамлекеттик карыз тууралуу жана ал тууралуу кабатыр болуу керекпи жазган элек. Биз өз пикирибизден кайткан жокпуз, Кыргызстан чет элдик насыя берүүчүлөрдү ойлобостон, биздин өлкөнү өнүктүрүү тууралуу ойлонушу зарыл. Учурда Кыргызстанга жаңы жолдорду куруу, айыл-чарбасында жаңы технологиялар, жумушчу орундарды түзүүчү жаңы ишканалар керек. Биз мигранттарды экспорттоочу өлкө болбой Кыргызстандын ичинде өндүрүлгөн товарларды экспорттоочу мамлекет болуусу шарт. Эгерде насыя алуу бул максаттарга жакындата турган болсо, анда насыя алуу керек.
Бирок насыялар жөн эле максатсыз пайдаланып кетпей элеби текшерип туруу зарыл. Жогорку Кеңеште эл аралык каржылык уюмдардын талаптарын кайталоодон көрө депутаттар насыяга алынган ар бир доллар биздин экономиканы өнүктүрүүгө кеткендей кылып критерийлерди иштеп чыгышса болмок.
Ошондуктан эл аралык насыяларды көбүнесе кечип коюшат. Силерге бир мисал келтире кетели. Советтер Союзу Кубага болгон саясий таасирди сатып алган – Согуш учурунда Куба АКШГа каршы туруп, СССР тарабында болгон. Ал эми СССР болсо Кубага чоң өлчөмдөгү, миллиарддаган насыя берген. Саясий таасир үчүн төлөө керек. Акырында Орусия СССРдин ордуна 2014-жылы Кубанын карызынын 90%ын кечкен: 30 миллиард доллардын (!) ашуун. Калган 10%ын 10 жыл аралыгында төлөө сунушун берген. Бул жалгыз мисал эмес. Насыяларды Бүткүл дүйнөлүк банк дагы, Кытай өлкөсү дагы кечкен учурлар бар.
Ошондуктан биз кошумча насыя алуу коркунучтуу эмес экенин айткыбыз келди. Бирок албетте, алар насыя берүүчүлөрдү эмес кыргыз экономикасын өнүктүрүүсү керек.