• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандын каймагы кооптуу деп табылды

korporatsiya-ayu-29

👁 880

Кыргыз ишкерлери үчүн алардын өнүмүнүн артка кайрылышы жаман эрежелердин бири болуп калды.

ЕАЭБдин шарттары катаал, бирок алар бардык өндүрүүчүлөргө карата колдонулат. Кептин баары биздин ата мекендик өндүрүшчүлөр эл аралык стандарттарга ылайык иштей албагандыгында. Дал ушул жерден өнүмдү башка өлкөлөргө алып чыгуу маселеси жаралат.

Орусиянын ветеринардык-фитосанитардык көзөмөл кызматы 14-августта Оренбург облусунун Ак-Булак районундагы «Сагарчин» көзөмөл өткөрүү пунктунан Кыргызстандан барган 20 тонна каймакты Орусиянын аймагына киргизген эмес.

Документтерди жана унааны текшерген учурда Кыргызстандан Калининград облусуна ташылып бара жаткан каймак Орусиянын жана Бажы биримдигинин ветеринардык мыйзамын бузганы белгилүү болгон.

Биздин ишкерлер жүктү «Аргус» маалыматтык системасына электрондук билдирүү жөнөтпөстөн алып кетишкен. Бажы биримдигинин № 4-формадагы ветеринардык сертификатын даярдоону бузушкан.

Жүк тиешелүү мүчүлүштүктөрдү жойгуча артка кайтарылды.

Ошондой эле акыркы аптада 8,5 тонна жүзүм, 4 тонна шабдаалы, 3,6 тонна кара өрүк жана 3 тонна нектаринди Новосибирск облусуна мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул жемиштер Сибирдин шаарларында сатылмак.

«Карасук» көзөмөл өткөрүү пунктунан Орусиянын ветеринардык-фитосанитардык көзөмөл кызматы текшерүү жүргүзгөн учурда кыргыз товарларынын таңгактары өнүмдүн аталышы, аны өндүргөн өлкө тууралуу маркировкасыз ташылып бара жатканы белгилүү болгон.

Эл аралык карантиндик талаптарга ылайык, фитосанитардык тобокелчилиги жогорку болгон өнүмдөрдү Орусияга алып кирүүгө тыюу салынган. Жүктөр Кыргызстанга кайтарылды.

16-августта нормага жооп бербеген өнүмдү орусия рынокторуна алып кирбөө тууралуу билдирүү таратты:

–Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдарына 7-августта “Ак-Жалга” ЖЧКсы өндүргөн каймактан КМАФАнМ чыккандыгына байланыштуу лабораториялык текшерүүнү күчөтүү сунушун берди.

Бул демек: КМАФАнМдын көп чыгуусу даярдоодо санитардык жана технологиялык режимдер сакталбагандыгынан, сактоо температурасы жана мөөнөтү, ташуу эрежелери сакталбагандыктан улам болот.

мезофилдүү аэробдуу жана факультативдүү-анаэробдуу микроорганизмдердин (КМАФАнМ) саны өнүмдүн санитардык абалынын негизги көрсөткүчү. Ал адамдарда ууланууну жаратышы мүмкүн.

Башкача айтканда, Кыргызстандан чыгарылган каймактан ичеги таякчалары табылган.

Ичеги таякчаларынын айрым түрү ууларды бөлүп чыгарат дагы ал ууланууга алып келет. Буга көбүнчө жаш балдар, карылар жана алсыз адамдар туш болушат.

Кандай болгон күндө да ишкерлер өнүмдү сактоого жана ташууга өзгөчө көңүл бурушуп, олуттуу мамиле кылуулары керек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости