Мыйзамдын максаты — Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда жаңы финансылык инструменттерди, атап айтканда, төмөндөгү исламдык баалуу кагаздарды (сукук) киргизүү болуп саналат:
- Исламдык ижаралык сертификаттар (Сукук аль Ижара);
- Исламдык долбоордук каржылоо сертификаттары (Сукук аль Истисна);
- Исламдык үлүштүк катышуу сертификаттары (Сукук аль Мудараба);
- Исламдык инвестициялык агенттик сертификаттары (Сукук аль Уакала Би Аль Иститмар);
- Исламдык өнөктөштүк сертификаттары (Сукук аль Мушарака).
Бул мыйзам банк рыногуна айрым өзгөртүүлөрдү киргизип, конфессиялык басымдагы банктардын таасирин күчөтөт окшойт.