Талкуунун жүрүшүндө министрдин орун басары катышуучуларга Кыргызстандагы чакан жана орто бизнестин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.
Э. Абакиров чакан жана орто ишкерликтеги субъекттердин потенциалын жогорулатуу КРнын өкмөтү тарабынан колдоого ээ болуп жатканын билдирди.
2017-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында чакан жана орто бизнес маселеси боюнча формалдуу эмес топко кирген. Анын курамында 81 өлкө бар. Бул топтун максаты тажрыйба алмашуу, катышуучулар үчүн сунуштарды берүү.
Конференциянын жүрүшүндө Э.Абакиров чакан жана орто бизнестеги көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн альтерантивдүү жолдору болгону маанилүү. Эгемендүүлүктү алганда Кыргызстан бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирген жана бул ЕАЭБдин альтернативасы болуп саналат.