Бул көппү же азбы? Келерки жылы жөнөкөй жарандар кандай валюталык курсту күтсө болот? ЭКОНОМИКА бул маселе боюнча өз пикирин сунуштайт.
Башка мамлекеттердин валюталык коруна салыштырмалуу 1,9 миллиард доллар — аз сумма. Салыштыруу үчүн, Казакстандын алтынвалюталык кору азыр – 30 миллиард доллар. Россияныкы — болжолдуу 390 миллиард доллар.
Буга карабастан, биздин көз карашыбызда учурда өлкөбүздөгү валютанын абалы туруктуу. Биздин корубуз азайбагандыгы маанилүү (жыл башынан бери ал дээрлик 10%га жогорулаган). Мамлекетке валюта келген эң чоң булак – эмгек мигранттарынын которуулары – 2016-жылдын башынан тартып туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө (15%дан жогору).
2016-жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы рынокто АКШ долларын коммерциялык банктар керектүү өлчөмдө сатууга даяр эмес болгондо сатып, дайыма сомдун алмаштыруу курсун колдоп турду.
Айрыкча бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери жана пенсионерлер өзгөчө баалаган туруктуулукту камсыздоого мүмкүн болду (анын натыйжасында негизги товарлардын баасы өтө деле жогорулаган жок).
Ошол эле учурда Президент Атамбаев өзүнүн президенттик акыркы жылы Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча бейпил болушун каалай тургандыгын түшүнөбүз. Ошондуктан Улуттук банк валюталык курстун туруктуулугун саясый көз караштан да колдойт.
Туруктуулукту колдоо боюнча бул пландарга эмне тоскоол болушу мүмкүн? Кыргыз экономикасы үчүн өтө чоң көйгөй, валюталык курсту кошкондо, Россиянын көйгөйлөрү болушу мүмкүн.
Ошондуктан эгер кокус кандайдыр-бир себептен улам россиялык экономика өзүн начар сезсе, ал ошол замат эле биздин валюталык корубузда, сомдун алмашуу курсунда жана жалпы экономикада терс көрсөткүчтөрдү берет.