Бул түшүнүктүү – 2013–2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын мөөнөтү бүтүп жатат. Жакында эле президент Алмазбек Атамбаев жакынкы келечекке жаңы убадаларды берди. Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы өнүгүү багыттарын камтып, негизгилери болуп “Экономика — Экология – социалдык өнүктүрүү” көз карандысыз Кыргызстандын жаранынын жашоо шартын жакшыртуу” саналат.
Тилекке каршы, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча максатты кагазга түшүрүп коюу – максатка жеткендик дегенди билдирбейт. Эксперттердин баары учурда өлкө мурун койгон өнүгүү максаттарына жетпей калгандыгына көптөгөн себептер бар экендигин айтып келишет. Туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча акыркы жыл дагы көп өзгөрүүлөргө алып келбеси түшүнүктүү. Анткени коррупциянын рейтинги 176 өлкөнүн ичинен 136ны көрсөтүп турган чагы!
Реалдуу караш керек. Кыргызстан – тышкы байланыштардан көз каранды болгон кичинекей өлкө. Кыргызстан жыл сайын 2–3 млрд доллар тышкы жардам алат. Бирок эн башкысы эксперттик коомдун пикиринде максатка объективдүү кароо жагында бир топ маселелер бар.
Орусиялык саясий аналитик Павел Клачков бул маселеде Улуттук коопсуздук комитети жана коррупцияга каршы профилактикалык иштер жакшы иштеши керек деп санайт. Анын пикиринде, УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын ишине дыкаттык менен көз салуу керек.
“Даректүү жумуштар мүмкүн болчу башаламандыктарды токтото алат. Бул кыргыз элинин жана коңшулардын кызыкчылыгына туура келет”,-дейт орусиялык аналитик.
Айрымдары “эгерде, мүмкүн болгондо, тоскоол болуп жатышат” деп эле келгени жашыруун эмес. Мисалы, биз ЕАЭБге кирдик, экономикабыз илкип турат, жашоо оорлоду жана башка. Бул биз маселени өзүбүздөн издебей коңшулардан издеп жатканыбыздан кабар берет.
Өлкөбүздүн аткаминерлери биз өзүбүздү таппай жатканыбызды, ошол эле учурда кемчиликтерибизди актоого аракет кылып, алысты көрө албай келгенибизди айтып келишет. “Уруксат берүү системадан ишке өтүүбүз керек!”-дейт КРнын соода өнөр-жай палатасы.
Бир чети мамлекет нормативдик-укуктук актыларды оптималдаштыруусу менен бизнес ишине ыңгайлуу шарттарды түзүүсү зарыл. Бул иш дайыма эле жүргүзүлүп келет.
Учурда Өкмөт тарабынан кризиске каршы программа иштелип чыгып, бекитилген. Коррупцияга каршы мониторинг жүргүзүү жана баа берүү боюнча жаңы ыкма иштелип чыкты. Ар бир мамлекеттик органдарда коррупцияны алдын алуу кызматы киргизилип, ал нормативдик-укуктук нормаларды, ишкердүүлүккө көз салып, өлкөнүн экономикалык абалынын таасирин белгилеп туруусу керек.
Республикада бир топ жакшы мыйзамдар жана жоболор кабыл алынган, бирок аларды ишке ашыруу мүмкүн болбой турган чак. Ага өкмөттүн гана эмес бизнесмендердин дагы күнөөсү бар. Эксперттик коомчулук бизнес-ассоциациялардын алсыздыгын белгилеп келет: мыйзамдагы эң акыркы маанилүү өзгөртүүлөр өнүктүрүү өнөктөштөрдүн колдоосу менен киргизилген.
Натыйжада инвестиция жеткиликтүү көлөмдө тартылбай эле: дизайн жана реформаларды иштеп чыгуу инвестициялык климатка таасирин тийгизүүдө. ЕАЭБдин миллиондук рыногуна жана ЕБнын рыногуна чыгуу үчүн атаандаштык шарттарында Кыргызстан баарын өзүнөн баштоосу кажет, башкача айтканда, алгач бизнести жүргүзүү үчүн жана экономикалык атаандаштыкты жогорулатуу үчүн тиешелүү шарттарды түзүү зарыл.
Ишкердиктин бардык түрүндө маселелер бар экени талашсыз, бирок алардын баарын системалаштырып жокко чыгарса болот. Бүгүнкү күнү ата мекендик бизнес-биримдиктерге жөнгө салуу реформасына катышууга жана мыйзамды өзгөртүүгө конкреттүү сунуштарды берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Бизнес-биримдиктер өкмөт баштап берген коррупция менен күрөштү колдоп жатканынын бир мисалы бар. Кыргызстандын соода өнөр-жай палатасы бизнес өкүлчүлүктөрүнө “Кыргызстандын бизнеси коррупцияга каршы” деп аталган Хартия кабыл алууну сунуштаган жана учурда көпчүлүк ишкерлер ага кол коюшкан.
Хартияда мындай деп жазылат:
“Биз өткөндүн жана келечектин коррупциялык иштери төмөнкүдөй натыйжаларга алып келет:
–менчиктештирүү ачык-айкын жүргөн эмес дагы натыйжада өнөр-жай өндүрүшүн кыйратат;
–жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана бийликке ишенбөөчүлүк жаратып, лицензияларды берүүдө коррупциялык схемалар колдонулуп келген;
- шаарлардагы, айылдардагы жер үлүштөрүн туура эмес бөлүштүрүлүшүнө алып келет, айрым учурларда кооптуу курулуштар журүп, калктын нааразычылыгын жаратат;
–кара ниеттүүлүк менен атаандашууга алып келип, бизнес-биримдикти жаман көрсөтөт дагы көлөкөдөгү экономиканын көлөмү өсөт;
- ачык эмес салыктык жана бажы практикасын калыптандырат, натыйжада мамлекеттик бюджет миллиарддаган сомдон кол жууйт;
–Өндүрүштүк, чарбалык, укуктук жана социалдык маселелерди коррупциясыз чечүүгө мүмкүн эмес деген түшүнүктү калыптандырат;
Нурлан Мусуралиевдин айтымында, ишкерлер коррупциянын алдын алуу үчүн төмөнкүдөй негизги эрежелерди жана принциптерди колдошот:
1) Коррупцияны алдын алуучу чараларды башкаруу үчүн корпоративдик принциптерди практикада колдонуу;
2) Каржылык дисциплинаны жана каржылык текшерүүну камсыз кылуу;
3) Мыйзамсыз артыкчылыктардан баш тартуу;
4) Мамлекеттик органдар, өнөктөштөр менен карым-катнаш түзүү;
5) Коррупцияга каршы чаралар боюнча коомчулук менен иштөө;
6) Мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү сактоо. Алар бардык компаниялардын, уюмдардын, жеке ишкерлердин кылган ишине, жашаган аймагына карабастан колдонулат.
Хартиянын жоболору менен бизнес жүргүзүү – олуттуу кадам. Алар башка бизнесмендерди бул процесске кошулууга чакырышат.
Ирина Байрамукова