«Росконтроль» коммерциялык эмес уюму бройлер-тоокторунун этин саткан 6 брендди текшерип, тоок этинде антибиотиктер, бактериялар бар экенин аныктап, тооктордун этинин салмагын көбөйтүү үчүн туздалган сууну сайган ийнелердин издерин тапкан. Бул тууралуу Lenta.ru жазып чыккан.
Текшерүүнүн алкагында “Петелинка”, «Ржевское подворье», «Мираторг», «Ясные зори», «То, что надо!» жана «Каждый день» бренддеринин азыктары текшерилген. “Петелинка” жана «Ясные зори» компаниясынын тоок эттеринен сырткары баардык компаниялардын тоок эттеринде микроорганизмдер өтө көп экени аныкталган, айрым учурларда көрсөткүч нормадан 20–30 эсе жогору болду. Бул санитардык эрежелерди жана технологияларды сактабагандыктан, температуралык режимди кармабагандыктан улам болууда. «Ясные зори» брендинин тоок этинен листерия бактериясы табылган, ал бир топ коркунучтуу оорулардын башаты. Листериялар жана сальмонеллалар инфекциялык ооруларды чакыруучу бактериялар болуп саналат”,-деи билдиришкен уюмдан.
Текшерүүнүн жүрүшүндө «Мираторга» жана «Ржевское подворье» бренддерини тоок этинин салмагын көбөйтүү үчүн туздуу суу сайып турушканы белгилүү болгон. Тоок эттеринин айрымдары жыттанып да кеткен. Изилдөөнүн натыйжасында «Ясные зори» компаниясынан сырткаркы баардык 5 компаниянын этинин курамында белок маркировкада көрсөтүлгөндөн аз экени белгилүү болгон.
P.S. Кыргызстандын гипермаркеттеринде жана базарларында Орусиядан ташылып келинген тоок азыктары сатылат, алардын ичинде жогоруда аты аталган компаниялардын тоок эттери да жок эмес.