Анда Айыл-чарба министрлиги 2017-жылга аймактардын даярдыгы тууралуу так маалыматка ээ эмес экени белгилүү болду.
Министр бул тармакта кризис жок экенин белгиледи. Ал былтыркы жылга салыштырмалуу сүт азыктарын ЕАЭБдеги мамлекеттерге экспорттоо 4 эсеге өскөнүнө таянып ушундай маалыматтарды берди окшойт.
Кыргызстанга азыктарды импорттоо жогорулады жана учурда эгинге болгон талап 1 млн 200 миң тонна. Акыркы жылдары түшүм мол боло баштаганын эске алганда, жергиликтүү дыйкандар 800 тонна түшүм алышат.
2016-жылдын башында айыл-чарба министрлиги дыйкандарды дан айдоого чакырган. Бул Орусия жана Казакстан эгинди КНСсиз импорттоп жатканына байланыштуу болгон. Мындан сырткары биздин буудайдын курамында белоктук зат (клейковина) тиешелүү көлөмдө эмес, ошондуктан рынокто ага болгон талап төмөн.
Бүгүнкү күнү бул тармак начарлап жатканы байкалат. Буга жердин жана жайыттардын начарлашы, адистердин тартыштыгы жана башка себептер бар.
Ошондуктан министр айылдардын талааларында же тойдо жүрбөстөн кезектеги комиссияны тосуп алып жатканын айтты окшойт.
Министрлик жергиликтүү жетекчилердин иши менен тааныш болуп, бирок азык-түлүк коопсуздугу алардын артыкчылык укугу экенин билбегени таң калычтуу. Дал ушул министрлик айыл аймак башчылары ишке ашыра турган стратегиялык пландарды иштеп чыгуусу керек. Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна даяр эмес экенине аймактар күнөөлүү экенин айтуу одонолук. Бул актануудай туюлуп жатат.
Эмнегедир мугалим окуучудан эмнеге тапшырма аткарбаганын сурап, окуучу болсо жолдон чоң энени өткөрүп жатып жетишпей калган мисал эске түшөт экен.