Кол өнөрчүлүк өнүгүүнүн бир багыты экенин көпчүлүк мамлекеттердин эксперттери аңдашты. Алар 2006-жылдан тарта Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүп жаткан (2010-жылы өтпөй калган) “Оймо” фестивалына дагы бийик баа беришти. “Мен “оймого” сугумду артып турам. Бул жерде эл аралык конокторду чакыруу мүмкүнчүлүгү бар жана мамлекет тарабынан түшүнүү болууда. Тилекке каршы, Казакстанда мындай фестиваль жок”,-деди Казакстандын кол өнөрчүлөр биримдигинин төрайымы Айжан Беккулова.
“Он жыл мурун Маданият министрлиги 100гө жакын маданий долбоорлорду демилгелеп чыккан. Учура алардын үчөө гана өткөрүлүп келет: «Джаз – фестивалы», Бүткүл дүйнөлүк эпикалык мурас жана “Оймо”. Иш-чара салтка айланып калгандай июлдун акыркы жумасында жана августтун алгачы аптасына өткөрүлөт. Ал Бишкектен башталып Ысык-Көлдө уланат”,-деди Маданият жана искусство боюнча Борбордук азия тармагынын директору Алмакан Найзабекова.
Анда аймактан келген мыкты уздардын жана дизайнерлердин өнөрүнөн жаралган жибектен жана жүндөн жасалган буюмдар, өзгөчө идиш-аяктар, азем буюмдар жана аксессуарлар көрсөтүлдү. Ошондой эле алар балдар жана чоңдор үчүн ыр-бий коштоосунда сувенирлерди жасоо боюнча Кыргызстан элдер ассамблеясынын коллективи тарабынан мастер-класстар өткөрүлдү. Ал эми жаштар жеринде ар кандай экологиялык жана сүрөт акцияларын уюштурушуп, жаш сурөтчүлөр жана акындар арасында сынактар өткөрүлдү.
“Оймо” фестивалы дароо бир нече аспекттерди даңазалады. Биринчиден, кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү – калкты иш менен камсыз кылуунун бир булагы. Экинчиден, адистер бул иш-чара берген таасирлер заманбап туризмдин өнүгүүсүнө өбөлгө болот деп келишет.
Туристтерге бир гана кооз жерлер эмес, айыл жашоосу, көңүл-ачуучу программалар, интерактивдүү оюндар дагы кызыктуу. Элге жакын болгон, кол өнөрчүлөр байырлаган жерлерди көрүү туристтер үчүн өтө кызыктуу жана аларды тартууга жакшы жардам берет. Анткени уздардын колунан жаралган буюмдар уникалдуу жана кайталангыс эмеспи. Ошодуктан туристтер мисалы, кийиздин жасалуусу менен таанышып, керамикага кол жазма түшүрүү мүмкүн экенин билип кызыгуулары артат.
Бул жагынан алганда туризмди өнүктүрүүдө кол өнөрчүлөрдүн салымы зор болот. Практика көрсөткөндөй, туризмдин экономикага болгон инвестицисы зор. Башка тармактарга караганда бул сектор бир топ пайда алып келет, анткени басууга, көчүүгө болгон кызыгуу адамдардын генинде бар эмеспи.
Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов мындай деди: “Оймо Ысык-Көлдүн курорттук сезонунун белгиси болуп калды, себеби көптөгөн туристтер жөн гана фестивалга кызыгышпастан, ал дал Чолпон-Атада өтүп жатканда келгенге аракет кылышат” .
Фестивалды демилгелегендердин бири Динара Чочунбаеванын айтымында, Кыргызстан өз максатына жетти. “Ал дүйнөлүк рынокто «Hand Made»! катары таанылды. Бүгүнкү күндө “Оймо” сөз түрүндө эмес, иш жүзүндө кыргыз жана башка элдердин кол өнөрчулугүн сактап жатканын, Кыргызстандан чыккан дизайнерлер дүйнөлүк подиумдарды багынтып жатышканын мактануу менен айтсак болот. Бул жерде соода интеллигенциясы, кол өнөрчүлөр, арт-менеджерлер жана дизайнерлер чыгармачылык эргүү алып, тажрыйбалары менен бөлүшө алышат. Ал эми көпчүлүктү эксклюзивдүү жана жогорку сапаттагы өнүм кызыктырат”.
Ал эми ага келгендердин географиясы ар жыл сайын кеңейүүдө. Башында коңшу өлкөлөр гана болсо, учурда катышуучулар тизмесинде – АКШ, Франция, Иран, Мексика, Кувейт, Улуу Британия, Индия, Түркия, Афганистан жана башкалар бар. Демек. Кыргызстан сыймыктанса болот, себеби Борбордук Азиядагы маданият тармагында болгон ири иш-чаралардын бири болгон “Оймо” бир топ кол өнөрчүлөрдү тарта баштады. Аймактагы уздар бул фестивалга катышуу үчүн ак эткенден так этишип турушат жана туристтик компаниялар бул иш-чараны аймактагы болчу иш-чаралардын катарына кошо баштады. Ал эми бул болсо Кыргызстанга кошумча туристтерди тартууга жардамчы болот. Жыл өткөн сайын уюштуруучулар болгон КРнын Маданият министрлиги, CACSARC-kg ресурстук борбору, Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, КРнын сүрөтчүлөр союзу, Бишкек, Чолпон-Ата шаарларынын мэриясы жана Ысык-Көл райондук администрациясы жаңы өнөктөштөрдү таап келишет.
“Оймо” фестивалы Борбордук Азияда гана эл аралык кызыгууга ээ болбостон бардык дүйнөнү дүңүрөтүүдө, ошондуктан өнөктөш болуу чон абройду жаратууда. Ал эми Кыргыз Республикасынын имиджи жогорулоодо.
Ирина Байрамукова