• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандыктардын келечеги Орусиябы?

2v2a0031

👁 1,677

КРдагы эмгекке жарамдуу калк каражатты көп табууга мүмкүн болгон жерлерге кетишет. Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын калкын каттоо учурунда жаштардын көбү чет жакта экени белгилүү болгон.

Алардын көбү Орусияда болушуп, “мигрант” деген атка конушкан. Мен жаңы эле Оштон көчүп келдим, ал жактын аэропортунан Орусиядагы биздикилер тууралуу бир топ окуяларды уктум. Бир көргөн адамдарга айрымдар ачылып, сырын айтышат эмеспи, мен Орусиядагы миграция тууралуу алардын пикирин билүүгө кызыктым.

“Орусия дайыма Кыргызстандын жакыны болуп келген жана КМШ өлкөлөрү көз карандысыздык макамын алгандан бери Орусия бизге кол сунуп, жардам берип келет. Мен Ошто массажист болуп иштечүмүн, бирок колдорум ооруп калды. Тааныштарым Москвадан мага кары адамды багууга жумуш табышты. Мага 35 миң рубль төлөшөт. Мен дароо макул болдум, себеби ата мекенимде мындай акча түшүмө да кирчү эмес. Ошентип Орусияда 10 жылым өттү, ушул убакыт аралыгында 2 кары кемпирлер каза болуп, азыр үчүнчүсүн багып жатам. Үйүмдө болсо кыздарым тайнеси менен турушат. Өргүү алганда аларды көрүп турам. Алардын окуусун Орусиядан алган акчалар менен камсыздап келдим, бирок кыздарым менден алыс болуп калышты. Мен туура кылдымбы жокпу билбейм, бирок башка арга жок, кайрадан Москвага учуп кетип жатам”,-деди Ош шаарынын туулган күнүнө туугандарыныкына келген Людмила.
Гуля – мыкты чач тарач. Анын өнөрүн Москвада баалашат жана жакшы төлөп беришет. Бирок үйү Подольскийде. Үй-бүлөсү менен Бишкектен көчүп кеткенине кубанат, себеби мекенинде акчаны бир жагына тартсаң экинчи жагына жетпей кыйналган күндөр көп болгон. Эмнеге Орусияны тандагандыгы тууралуу суроого: “Мен өмүр бою орусча сүйлөп келем жана орустардын менталитетин жакшы билем”-деген жооп узатты.

Учурда Кыргызстанда жумушчу күчтү экспорттоо экономиканын өнүгүүсү үчүн приоритеттүү фактор болуп калды. Жаркын келечекти каалагандар жыл өткөн сайын көбөйүп, чет жактарга кетишүүдө. Көптөгөн мигранттар өзүн гана ишенүүгө көнүшкөн.

Сергей болсо Кыргызстан менен байланышта болгон Москва борбору аркылуу жумуш таба алган эмес. Негизи Орусиядан сырткары жүргөндөрдүн баары бул борбор аркылуу бош жумуш орундары тууралуу маалымат алып туруулары керек.

Мен эле мындай пикирде эмесмин, башка мигранттар деле бул борбор жумуш берүүчүлөр менен мигранттарды байланыштыра албаганын айтып келишет. Чындыгында өзүңө же жакын тууганыңа гана ишенүүгө болот”,-деди Сергей.

Анвар Алиев жага Дадо Халилов Баткен облусунан болот. Алар Санкт-Петербургга 10 жыл мурун үй-бүлөлөрүн калтырып кетишкен.

“Чакырып отуруп башка Баткендиктерди дагы Питерге чакырып алдык, себеби ал жакта базардан башка жерде жумуш жок. Эркектер таксовать этишет, болду. Орусияда болсо курулушта иштеп, үйүбүзгө акча жиберебиз”,-дешет алар.

Ноокаттан келген Насипа болсо Красноярсктан Орусиянын жарандыгын алган. “Мекенине тууганынын тоюна келген. Орусияда базарда соода кылам. Ал жакта шаар өтө кооз, балам үчүн жакшы мектеп бар, ал эми Ноокатта болсо начар. Биздин өлкөдө өтө чоң өзгөрүүлөр болуусуна ишенбейм. Ошондуктан Орусияда калууну чечкем. Ал жакта биздикилер өтө көп”,-деди ал.

Кыргызстандыктардын көбү өлкөдөн сырткары жүрүшөт. Алардын айрымдары Орусияда дайым жашоо үчүн калышты, кээ бирлери болсо өлкөсүнө кайтууну пландап келишет.

“Орусияда көчө шыпыргыч болуп иштейбиз. Ал жакта көчө шыпыргычтар кыргыз жана тажик. Бизге чакан бөлмө беришет, ал жакта баарыбыз чогу түнөйбүз”,-дешти Ош аэропортунда жолуккан кыргызстандыктар.

Башка өлкөгө кеткендердин көбү жумушту оңой табуу үчүн жарандык алууну самашат. Баса мен Оштон учкан учактардын таблосун караганда бир күндө эле Москвага 3 учак учарын билдим, ал эми Новосибирскийге 1, Санкт-Петербургга 2, Раменскийге 1! Бул Кыргызстандан канча киши кетип жатканынын көрсөткүчү эмеспи!

Ошондой эле көпчүлүгүндө Орусиянын жарандыгы бар экенин билдим. Бирок көпчүлүгү КРда эле жашашат экен, себеби карыган ата-энелери бар жана Орусияда үйлөрү жок. Бирок алар келечегин Орусиядан көрүшөт экен!

Мамлекет кедей болгону үчүн жөнөкөй жарандар ага ишене албайт. Ошондуктан азыр жалаң гана жаштар эмес, бир топ жашка баргандар деле миграция агымы менен кетишүүдө.

Учурда 50 жаштагы кыргызстандыктар Орусиянын жарандыгын алышууда. Пенсияга чыгар алдында алар эртеңкисинен үмүт үзүп койгондой.

Стандарттуу схема мындай: пенсияга чыгарына аз калган кыргызстандыктар Орусияга барышып жарандык алып, пенсияга чыгышууда. Андан соң мекенине келишип, бул жакта жашап, Орусия чектеп берген пенсияны алышат.
“Ал пенсия социалдык болсо дагы ал акчага Кыргызстанда жашаса болот. Ал эми кыргыз пенсиясы эч нерсеге жетпейт. Мен өмүр бою заводдо иштегем, Союз кулагандан кийин жумушум жок калдым дагы жумуш чыккан жерлерде “шабашка” кылып жүрдүм. Кайра куруу мезгилин билесиңер да, кайсы жумуш берүүчү социалдык төлөм төкчү эле? Эч ким эмгек китепчеси менен жумушка алчу эмес да. Ошентип 1990-жылдардан тарта эмгек китепчемде эч нерсе жазылган эмес. Эми жашың жетип калды деп жумушка албай жатышат, бир жылдан кийин пенсияга чыгышым керек. Мага Кыргызстандан кайсы кыйраткан пенсияны беришмек эле? Ошондуктан Орусияга барып ал жактан пенсия алуум керек!”,-дейт Александр.

Канча адам болсо ошончо тагдыр болот экен, баарын айтып бүтө албачудаймын. Мекендештерибиз мамлекеттен жардам күтпөй калганын түшүндүм. Орусияда акча табуу үчүн алар көп нерсени үйрөнүшкөндөй.

Ирина Байрмукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости