Өзүнүн өнүгүү мезгилинде пластикалык карталардын рыногу кеңири колдонууга ээ болуп, ал эми утурумдук банк кызматтары жана сунуштар ар түрдүү болуп калды. Эгер мурда көпчүлүк керектөөчүлөр картаны маяна алуу үчүн гана колдонуп келишсе, азыр аны акырындык менен ыңгайлуу жана ишенимдүү төлөм каражаты катары кабыл ала башташты.
Кыргызстанда пластикалык карталардын негизги рыногу дүйнөлүк VISA жана россиялык ири «Золотая корона» төлөм системасы тарабынан көзөмөлдөнөт. Эгер бул жакка өнүгүп бараткан “UPI” төлөм картасын кошо турган болсок, анда эл аралык төлөм системасынын жалпы үлүшү 75%ды түзөт.
Жергиликтүү «Элкарт» системасы боюнча айта турган болсок, бул маяна картасы акырындап өз ордун ээлөөдө жана республиканын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, платикалык карталар рыногунун 25%ын ээлейт.
Ошентип эл азыр деле товар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөдө, сатуу жана сатып алууда өтө сейрек колдонушат. Ушундай эле маалыматтарды 2015-жылы да байкаса болот.
Бул эмне менен байланышкан? Себеби биздин кошуналарда, мисалы, Россия жана Казакстанда пластикалык карталар аркылуу сатып алуудагы акы жана интернет баасы жыл сайын көтөрүлүүдө, болгондо да айыл аймактарында деле.
Бизде болсо, ал тургай борбордо деле эл көпчүлүк учурда кэшти сатып алууда колдонууну артык көрүшүп, ал эми картаны акча алуу үчүн жана кээде акчаны сактоодогу коопсуздук үчүн гана колдонушат.
Биринчи себеп – бул калктын өлкөдөгү банк системасына ишенбеген көз карашынын сакталып кала бериши, анын кесепетинен — карточка аркылуу банк эсебинен өз акчасын тезирээк чыгарып алууну каалагандык.
Болгондо да эсептеги орточо суммалар адатта бир нече он миң сомдон ашпайт жана эки жумага жетпей жок болот.
Экинчи себеп – онлайн сатып алуулар жана кызмат көрсөтүүлөргө сунуштардын аздыгы. POS – терминалдар азыркыга чейин сатуучулар тарабынан көптөгөн банктар ыңгайлуу шарттарда ижарага бергендигине карабастан кыйынчылык менен орнотулууда.
Болгону сатуучулар азыркыга чейин POS– терминалдарды өз товарын ыңгайлуу сатуу каражаты эмес, кассалык аппараттын «надзордук» каражаты түрүндө кабыл алышууда. Буга сооданы жүргүзүү үчүн зарыл болгон Интернет менен уюлдук байланыштын начар сапаты кошулууда.
Албетте, мындан тышкары менталдык мүнөз, элдин каржылык сабаттуулугунун жоктугу жана ар кандай революция жана төңкөрүштөрдөн камсыздандырган акчаны накталай кармоо адаты да бар.
Баардыгыбызга бийлик алмашканда мамлекеттин банктардагы кардарлардын акчаларын жөн эле алып койгон мисалы жакшы белгилүү. Ошондуктан жаңы бийликке банктардын ыңгайсыз кардарларын бир ырда – «…аларды эмне кылсаң өзүң бил…»,- деп ырдалгандай «элдин душмандары» деп атап койгону жакшы болмок.
Ошол эле учурда жок дегенде бир жолу товар же кызмат көрсөтүүгө пластикалык карта аркылуу төлөөгө аракет кылгандар накталай акча менен товардын баасы бир топ арзан болушу мүмкүн экендигин билишет. Карточканы колдонууну жакшыртуу үчүн көптөгөн банк-эмитенттер товар алууда бонус жана арзандатуу кызматын көрсөтүшөт, айрым жерлерде 10%га чейин.
Бирок адатта мындай арзандатуулар Люкс классындагы өтө кымбат товарларга тиешелүү жана ушул эле товарларды Интернет аркылуу ошол эле eBay.com, Amazon.com или Alibaba.com. дон арзан сатып алса болот.
Эгер статистика азырынча бизге ЖОК деп айтса, ал эми ар кандай сурамжылоолор менен иликтөөлөр эл канткен менен товар сатып алууда жана кызмат көрсөтүүдө накталай эмес эсептешүүгө даяр экендигин көрсөтүүдө.
Айталы жаштар техника, спортинвентарь, кийим, тетиктер жана башкаларга аксессуарларды Интернет магазинден жигердүү сатып алышууда. Болгондо да айыл жеринде жаштар ошондой эле өздөрүнүн шаарлардагы тааныштары, туугандары аркылуу жандуу соода жүргүзүшүүдө.
Бул жерде себеп түшүнүктүү. Жаштар, өзгөчө студенттер тигил же бул товарга арзан бааны аныктоочу өтө так барометр жана индикатор болуп саналышат. Адатта белгилүү Интернет дүкөндөр керексиз жана ашыкча буюмдарды сатуу үчүн кардарлардын өздөрү тарабынан колдонулууда. Болгондо да ал баалар магазин менен базарга караганда бир нече ирет арзан.
Азыркы учурда сом менен иштеген жана эшикке чейин жеткирип берген жергиликтүү Интернет магазиндер кеңири таанылууда. Ал тургай гүл бизнеси бир нече сайт түзүп, төлөмдү терминал жана Интернет магазин аркылуу ийгиликтүү кабыл алууда.
Айрыкча Интернет сатып алуулар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында өнүгүүдө.
Пластикалык карталар аркылуу накталай эмес бизнести өнүктүрүүгө тоскоолдуктардын бири PayPal, Visa, MasterCard сыяктуу системалар аркылуу киргизилген тиешелүү чектөөлөр болуп саналат.
Бул чектөөлөр Кыргызстан бул төлөм системалары үчүн тобокелчилик зонасында болгондугу үчүн жаралууда жана алардын дээрлик баардыгы төлөмдүн бир тарабына иштешет – башкача айтканда сиз бир нерсе сатып аласыз, ал эми сатууда карточкадан акча чыгарып ала албайсыз.
Ал эми сатылган товар же көрсөтүлгөн кызматка каражат алуу үчүн PayPal системасын колдонгусу келсе, бул жерде аны пайдалана албайт жана башка жолун издөөгө аргасыз – Россия же Казакстандагы банктар аркылуу.
Ошентип пластикалык карта же Интернет магазин аркылуу накталай эмес төлөм жүргүзүүдө ички фактор сыяктуу эле бизге көз каранды эмес тышкы факторлор да бар.
Швециянын тажрыйбасын мисал катары келтирип кетким келет. Бул өлкөдө азыр баардык төлөмдөрдүн 20%ы гана накталай акча менен жүргүзүлөт – банкноттор жана монеталар. Азыр транспорт, жергиликтүү фермерлик рыноктогу кызмат көрсөтүүлөр ар кандай карточкалар аркылуу накталай эмес төлөмдөр менен жүргүзүлөт.
Бактыгабы же тилекке каршыбы, накталай акчаны сүрүп чыгаруу процесси ушунчалык тез жүрүп, кээде туристтерге да товар жана кызмат көрсөтүүгө төлөөдө аз эмес кыйынчылык менен көйгөйдү жаратууда. Бирок бул турмуштун тиричилик чөйрөсүнө алдыңкы технологияларды киргизүүдөгү утурумдук кыйынчылыктары.
Кыргызстанга келген туристтер азырынча тынч уктай беришсе болот.