Себеби Кыргызстанда экономикасына дүйнөлүк экономикадагы процесстер таасирин тийгизип, өлкөдөгү экономикалык абалды түзөт.
Акча салуу боюнча жаңы маданият
Акчаларды сом, доллар, теңге, евро рубль менен сактоо керекпи? Ооба, “үч эрежесин” эч ким жокко чыгарган эмес. Экономисттер учурда жарандарга каражаттарынын бир бөлүгүн сом менен башка бөлүгүн чет элдик валютада, ал эми дагы бир бөлүгүн алтын менен сактоо сунушталат.
Эмнеге? Анткени доллар бирде жогоруласа, бирде төмөндөшү мүмкүн. Сом арзандаганда кыргызстандыктар каражаттарын кантип сактап калуу жана көбөйтүү тууралуу ойлонору баарына эле белгилүү. Бүгүнкү күнүн дагы жарандар ишенимдүү кепилдик алууну каалашат. Мындай кепилдикти алтын гана бере алат. Мындан сырткары бир нече экономикалык кризистерден жана банктардын банкрот болгонунан кийин Кыргызстанда алтын баалуу кагаздарга караганда ишенимдүү актив катары саналып келет.
Бардык убакытка бир продукт
Менделеевдин таблицасындагы №79 Au металлы аз өлчөмдө болсо дагы өтө баалуу болуп саналат.
Алтын үчүн салгылашып, жанын бергендер дагы болгон, улуу цивилизациялар, чоң-чоң шаарлар жок болгон. Бул убакыт менен далилденген.
“Алтын көпкө сакталат жана дүйнөлүк экономикалык өзгөрүүлөргө карабастан баалуулугун жоготпойт”,-дейт Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов.
Алтын резерв болуп саналат
Бул резервдер жердин тереңинде жатат. Жерден казылып алынганы менен алтын баасын жоготпойт. Бул өлкөлөрдүн жашыруун резерви.
Алтын кору бар 100 өлкөнүн иинде Кыргызстан дагы бар. Бүткүл дүйнөлүк алтын кеңеши 2017-жылдын июлунда төмөнкүдөй маалыматтарды берди: Алтын резервдеринин арасынан Кыргыз Республикасындагы алтын кору 9.8%. Тактап айтсак, биздин өлкөдө 4.975 тонна баалуу металл бар. Борбордук Азиядагы жана ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн ичинен Тажикстанда — 12,7 тонна, Беларусияда — 43,2 тонна, Казакстанда 275,4 тонна, Орусияда — 1 706,8 тонна алтын кору бар.
Суроо талап сунуш жаратат
Валюталык рынокто туруктуулуктун сакталбай жатканы дүйнөдө жана Кыргызстандын жарандарынын арасында алтынга болгон суроо-талаптын өсүүсүнө алып келди. Жада калса карапайым калк дагы валюта ишенимдүү эмес экенин түшүнүп калды. Ошондуктан 2015-жылы КРнын Улуттук банкы аффинаждалган алтын куймаларын сатыкка чыгарган.
СССР доорунан тарта эле адамдар алтын жасалгаларды сатып алуу менен акчаларын сактап келишкен. Учурда дагы республика боюнча алтын шакек, сөйкө сыяктуу зер буюмдарды сатып алгандар көп, бирок аны кайра сатууда баасы чыкпай калат, себеби алтын зер буюмдарын кайра сатып алуучулар анын кооз жасалгасына көңул бурбайт, болгону анын салмагын гана карап, баалашат.
Каражатты кантип алтын менен сактаса болот?
Эми Кыргызстандын алтыны кыргызстандыктарга гана эмес, чет жактагыларга дагы сунушталууда.
Кыргызстандыктар 999,9 белгисиндеги сапаттуу алтынды сатып ала алышат.
Кыргыз Республикасынын аффинаждык ишканасы тарабынан сатууга төмөнкүдөй салмактагы жана көлөмдөгү алтын куймалары сунушталат:
Салмагы, г. | Жазылыгы, мм. | Узундугу, мм. | Металл | Белги |
1 | 8 | 13,8 | Алтын | 999,9 |
2 | 11 | 18,9 | Алтын | 999,9 |
5 | 14 | 24,1 | Алтын | 999,9 |
10 | 15 | 25,8 | Алтын | 999,9 |
31,1035 (же унция) | 22 | 37,9 | Алтын | 999,9 |
100 | 27 | 45 | Алтын | 999,9 |
Алгачкы 5 куйма Казакстанда чыгарылат, себеби «Кыргызалтын» ишканасынын аффинаждык заводу чакан куймаларды чыгара албайт.
Ал эми 100 граммдык алтын куймалары Кыргызстанда чыгат. Алар атайын кутучаларга салынып, сертификаты менен биргеликте сакталат.
Эреже баары үчүн
“Улуттук банк алтындын ликвиддүүлүгүн камсыз кылды. Биз алтын куймаларын сатып гана тим болбостон кайра сатып алабыз”,-деп билдиришти банктан.
Мыйзамга ылайык, куймаларды сатып алгандар аларды банкка өткөргүсү келсе КНСтен жана сатууга болгон салыктан бошотулушат. Ал эми аны кайра сатып алууда комиссиялык төлөм алынбайт.
Операциялар КРнын улуттук валютасында жүргүзүлөт. Накталай жана накталай эмес түрдө төлөсө болот. Саат 11:00гө чейин арыз берген кардар ошол эле күнү алтын куймаларын ала алат. Эгерде саат 11:00дөн кийин арыз жазылса кийинки күнү алынат. Куймалардын номуру сертификаттын номуруна окшош болушу керектигин эскерте кетели.
Ошондой эле жарандар алтын куймаларын аз төлөм менен Улуттук банкка сактап коюшса болот. Бул коопсуздук үчүн көрсөтүлчү кызмат. Өлкөдөн алтынды алып кетүү дагы маселе жаратпайт, аларды алып чыгып жатканда декларация толтуруу гана жетиштүү.
Азырынча кыргызстандыктар инвестиция кылуунун бул түрү менен колдонууну үйрөнүүсү керек: сатып алууну гана эмес, пайдалуу болгон учурда сатууну да билүүлөрү зарыл.
Жаңы горизонттор
Бүгүнку күнү БАЭде, Францияда банкоматтар жайгашкан, ал жерден каалоочулар алтын куймаларын сатып ала алышат. Кыргызстан азырынча мындай ыкманы киргизе элек.
Ирина Байрамукова