Пестицид – бул өсүмдүк илдеттерине, отоо чөптөргө, жыгач, жүн, тери, дан жана дан-азык-түлүктөрүнүн зыянкечтерине, мал мителерине, ошондой эле адам жана жаныбарлар коркунучтуу ооруларын таратуучуларга каршы күрөшүү үчүн колдонулуучу химиялык каражаттар. Түшүм алуу үчүн аны колдонбой коё албайсың, себеби кара чегиртке сыяктуу зыянкечтерди башка жол менен жок кылуу мүмкүн эмес.
Жер иштетүү менен жан баккан айылдыктар болушунча көп түшүм алууну көздөшүп, өсүмдүктөрдү өстүрүүдө ар кандай затарды колдонуп келишет, айрымдары маалыматтарды радио аркылуу алышат.
“Ош” базарындагы агродүкөндүн сатуучусу, 45 жылдан ашуун өсүмдүктөрдү коргоо тармагында иштеп келген Виктор Катаровдун айтымында, дыйкандар өсүмдүктөрдү себүү жана алардын түшүмүн алуу убактысын билбегендигинен улам жыл сайын зыянкечтер көбөйүп келет. Мурун СССРде отоо чөптөрдүн жайылышы административдик жазагаалып келсе, учурда мындай чара жок болуп, абал оорлоп барат. Натыйжада дан, жашылча-жемиш, пахта, тамеки, кант кызылчасын өстүрүүдө отоо чөптөр басып кеткен учурлар көп кездешет.
Ошондуктан айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери менен күрөшүү керек. Бирок зыянкечтер менен күрөшүүнүн жаман жактары дагы бар – эгерде химиялык заттарды туура эмес сепсе анда калктын саламаттыгы бузулат.
«БИОМ» Кыргызстанда пестициддерди колдонуу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Изилдөөгө жеке жактар гана эмес, үй-чарбалары, пестицид саткан атайын дүкөндөр райондук поликлиникалар, дарыканалар дагы тартылган.
“Өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы каражатты мен Арсланбобдун дүкөнүнөн алам. Сатуучунун кеңешин угуп анан колдоном. Коргонуучу каражаттар жок. Ууланып калса көпчүлүк айылдыктардай эле сүт азыктарын же ысык чай ичем”,-дейт аталган айыл тургуну Михлиё Мадрахимова.
Мындай учурлар Кыргызстанда көп эле кездешет. Ирина Шкирман Чүй облусунда жашайт. Ал кант кызылчасын өстүрүп келет жана ал дагы пестицид колдонот. Айтымында, айылдыктарда респиратор, атайын кийим жок – коргонуу үчүн акча короткулары келбейт. Ууланып калган учурда көпчүлүгу баш ооруну басуучу цитрамон ичишет.
Сузак районунун бухгалтери Калыс Пирматова адамдар пестициддерди туура эмес колдонорун айтты, алар атайын кийим, көз айнек кийишпейт.
Эмчи Мукатдам Атакулова пестициддер менен уулангандын алгачкы белгилери кандай болорун айтып берди: “Жүрөк айлануу, жөтөл жана алсыроо. Бирок адамдар ууланып калдым деп дарыгерге кайрылуудан уялышат. Өздөрү дарыланып, дарыгерге барганга убакыт жок деп жүрө беришет”.
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаментинин өкүлү Г. Сарыева пестициддерди колдонуу өлкөгө коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. “Уулу заттарды колдонууда аны чачкандар жана келечек муундар жабыркайт”,-дейт адис. Ал мамлекет бул көйгөйгө көңүл буруусу керектигин белгиледи. Бийлик КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясын жазууда бирок айылдарда пестициддерди колдонуу тууралуу маселе ага кирген эмес, бирок бул стратегиянын максаты – калктын жашоосун жакшыртуу эмеспи!
Эколог Анна Кириленконун пикиринде, пестициддерди колдонуу өлконүн генофондун бузууда. Алардын ден-соолукка зыяндуулугу муну тастыктап турат. “Учурда пестициддерди колдонуудагы зыяндуулук тууралуу калкка жана мамлекеттик структураларга маалымат жеткирүү керек. Бул айлана-чөйрөнү коргоо маселесин жана генофонд маселесин чечүүгө жардам берет”,-деди Анна Кириленко.
Айыл-чарба министрлиги эмне иш кылып жатат деген суроо туулат. Химиялык каражаттарды колдонуу тууралуу дыйкандарга министрлик кандай жолдор менен маалымат жеткирүүдө?
Ирина Байрамукова