• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандыктар үчүн энергоэффективдүү меш.

img_0724

👁 1,118

Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнеске энергоэффективдүү жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонууну сунушташууда, себеби ансыз энергияны сактоо үчүн тиешелүү максатка жетүүдө кыйынчылыктар көп болору айтылып келет.

Алардын кадамдары барган сайын өзгөчө болуп келүүдө. “Жакшы адамдар биз аларга эмне айткыбыз келгенин түшүнүшөт”,-дейт «БИОМ» экологиялык кыймылынын менеджери Михаил Яковлев. Бул кыймыл өзүнөн кийин түтүн калтыруучу отунду, көңдү, тезекти, көмүрдү колдонбостон жаратылышта экологиялык “таза” тамак даярдоо ыкмаларын бир нече жолу көрсөтүп келген.

Жаңы күн мештеринен күн жакшы тийип турганда 300 градустан ашуун температура алса болот. Ал эми атайын койгучуна болсо көмөч казанды же казанды асып, бат эле тамак жасап алса болот.

“Чайнектеги суу 10 мүнөттө кайнап чыгат, ал эми жумуртка болсо 5–7 мүнөттө куурулат. Биз жада калса казанда күрүч басканбыз. Мындай меш салттуу мештерди колдонуу менен абанын көмүр кычкыл газы менен булганышынан сактайт. Себеби бул булгануулардын төрттөн бир бөлүгү үй кожейкелеринин айынан болууда”,-дейт « БИОМдун» менеджери жана “ашпозчусу” Илья Меляков көмөч казанга жумурткаларды чагып жатып.

Маалымат үчүн.

Эл аралык социалдык-экологиялык биримдиктин изилдөөлөрүнө ылайык, жыл сайын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө болжол менен 730 тонна биомасса күйөт. Бул 1 млрд тонна көмүр кычкыл газын чыгарат.

Мындай өзгөчө тамактын даамын татып көрүүнү каалагандардын саны өсө баштады, баарына куурулган жумуртканын даамы өзгөчө болчудай сезилип жатты. “Ой кадимки эле жумурткадай экен. Мага да бериңизчи, ооз тийип көрөйүн”,-деп жатышты.

Андан кийин эле “мындай коопсуз жана эффективдүү мешти кайдан алса болот? Өзүбүз жасасак болобу?” деген суроолор жаай баштады. “Албетте бул мешти биз өзүбүз жасадык. Бул үчүн эски параболдук антенна, эң жөнөкөй сантехникалык тетиктер менен кошулган металл түтүктөр, базарларда тушкагаздар бөлүмүндө сатылчу өзү чапталчу клеенка керек. Баасы дагы арзан, чогултуу да жөнөкөй жана болгону30 мүнөт керектелет ”,-дейт алар.

Тилекке каршы, эрежелерге ылайык өтө жакшы нерсенин дагы кемчилиги болот эмеспи. Бул мештин бир кемчилиги – ал дайыма иштей бербегендигинде. Ал күн жакшы тийгенде гана иштейт.

Бирок Кыргызстанда мындай күндөр 270тен ашык экенин эстен чыгарбоо керек!

“БУУнун жана башка ири уюмдардын демилгеси менен тамак бышыруу үчүн “таза” мештерди колдонуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Альянс түзүлгөн. Бул демилге эффективдүү мештерге муктаж болгондор үчүн жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган. Негизги максат 2020-жылга карата 100 млн үй чарбаларын тамак жасоо үчүн эффективдүү жана коопсуз мештер менен камсыз кылуу.

Турфирмалар туристтерди пикникке алып чыгуу үчүн анын диаметрин кичирээк кылып жасашса болот.

Мындан баары утушка ээ болушат: жаратылыш, адам. Өзүбуз текшерип көрдүк!

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости