Эми Иран, Ливия, Сомали, Сирия, Йемен жана Чад өлкөсүнүн жарандары Кошмо Штаттарда үй-бүлө мүчөлөрү болгон күндө да, америкалык ЖОЖдорго окууга өтсө да бул мамлекетке кире албайт.
Учурда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен дагы виза алуу кыйындаганы белгилүү болууда.
Дональд Трамп иммиграцияны чектөө боюнча жарлыкка алгач быйыл январда кол койгондо эле анын максаты АКШга “террорчулардын келишине бөгөт коюу” экенин айткан.
Бирок АКШнын Жогорку сотунун ушул дүйшөмбүдөгү бүтүмү азырынча эң акыркы чечим эмес. Анткени президент Трамптын жарлыгына каршы берилген доо арыздар азырынча федералдык соттордо каралып жатат.
АКШнын бир нече укук коргоочу уюмдары жана шаттары жарлык мусулмандарды дискриминациялай турганын, бул АКШнын Баш мыйзамына каршы экенин жүйө келтирип, сотко доо арыз жөнөтүшкөн.