Кургатылган жемиштер жана жаңгактар Кыргызстанга бузулбастан жетсе, курманы алып барган ишкерлер чыгымга учурап, алардын жемиши эзилип, чирип кетери турган иш.
Белгилей кетсек, Новосибирск аткаминерлери үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Кыргызстандан алынып барган кургак сүттү да кайра артка кайтарып жиберишкен.
Биздин ишкерлер товарын экспорттоону каалаган өлкөнүн мыйзамдарын так билүүсү жана керектүү маалыматтарга ээ болуусу керек.
Кыргызстандан Красноярсктын базарларына алынып бара жаткан жүккө тиешелүү документтер жасалма болуп чыккан.
Төмөндө ЭКОНОМИКА Бажы союзунун аймагында карантинге туш болгон жана фитосанитардык көзөмөлгө алынчу азык-түлүктөрдүн тизмесин келтирет.
Биз бул жерден Кыргызстандан алынып барууга мүмкүн болгон азык-түлүктөрдүн тизмесин келтиребиз.
2010-жылдын 18-июнунда Бажы союзунун комиссиясынын чечими менен бекитилген.
Картошка
Помидор
Пияз, сарымсак
Кочан капустасы, түстүү капуста, кольраби, Brassica турүндөгү бардык желе турган жашылчалар
Салат-латук (Lactuca sativa) жана цикорий
Сабиз, кызыл кызылча, труп, сельдерей жана башка жегенге болгон жашылчалар
Бадыраң
Башка жашылчалар
Жүгөрү (Zea mays var. saccaharata) айдоого жарамдуу
Жаңгактар, кургатылганы, чагылганы жана чагылбаганы
Жүзүм, кургатылганы жана кургатылбаганы
Коон жана папайа
Алма, алмурут жана айва
Абрикос, алча, шабдаалы, нектарин, кара өрүк
Башка мөмөлөр
0801–0806 товардык белгисинен сырткары кургатылган мөмөлөр
Жергиликтүү ишкерлер тоскоолдуксуз экспорттолушу үчүн жана ишкердиги кооптуу жагдайга учурабашы үчүн мыйзамдарды окуп чыгуусу зарыл.