Бул Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин болду.
“Өзүнө жаңы дөңгөлөк сатып ала албаган айдоочулар эмне кылуусу керек?”-деди депутат Баккелди Түмөнбаев.
Унаа сатып алууга каражат жетип жатабы? Карызга той өткөрүү үчүн каражат табабыз, анда эмнеге коопсуздук үчүн унаабызды оңдоого келгенде тырышып калышыбыз керек?
Жөнөкөй эле эсептеп көрөлү. Эски дөңгөлөктөр орто эсеп менен 8000–9000 сом турат, ал эми жаңысы унаанын маркасына жараша 12000–15000ге чейин.
Эски дөңгөлөктү эң көп дегенде 2 жыл колдоно алабыз, анан дагы жол кырсыгы болушу толук ыктымал.
Ал эми жаңы дөңгөлөк болсо биздин жолдордун абалын эске алуу менен эки эсе көп убакытка жетет.
Ошондуктан биз өкмөт Кыргызстанда эски дөңгөлөктөрдү сатуу боюнча токтом иштеп чыгуусу керектиги тууралуу сунушу боюнча эл өкүлү менен макул эмеспиз.
Европа кооптуу болгон уулуу дөңгөлөктөрүн башка өлкөлөрго жиберип, аларды алып кирүү жана алып чыгуу лицензия аркылуу ишке ашырылып келет.
Кыргызстандын жашоочуларынын башка өнүккөн өлкөлөрдөн эмнеси кем?
Күн сайын биз жол эрежелерин сактабаган айдоочулардын айынан болуп жаткан көптөгөн жол кырсыктарына күбө болуп жатабыз. Бул кырсыктардын көбү унаанын коопсуздугун сактабагандыктан, сыйгалак дөңгөлөктөрдү сатып алуудан болууда. Мындан көбүнчө жөө жүргүнчүлөр жабыркап келет.
Мыйзам чыгаруучуларга элдин ден соолугу тууралуу ойлонуп, акылга сыйарлык чечим кабыл алуу убактысы келди.