Мурдараак ИМБДУдан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматына (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик жаатында билим алып жана изилдөөлөр менен алектенип жүргөн эки студентти ИМБДУнун штаб-квартирасы менен таанышуу сапарына жөнөтүүгө байланыштуу кат келип түшкөн. Ушуга байланыштуу Кыргызпатент интеллектуалдык менчик жаатында изилдөө иштери менен алектенген студенттер боюнча маалымат берүү тууралуу каты менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кайрылган.
2017-жылдын 30-октябрында Кыргызпатент жөнөтүлгөн студенттердин тизмеси боюнча билим деңгээлин аныктоо жана ИМБДУнун штаб-квартирасына таанышуу сапарына жөнөтүү үчүн талапкерди тандоо максатында тестирлөө жүргүзгөн. Ошондой эле студенттерге объективдүү баа берүү үчүн окуунун жүрүшүнүн бардык мезгили үчүн студенттин жетишкендиктери тууралуу маалымат алынган.
- Смайыл уулу Эрлан Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти;
- Туйгунбек кызы Нуризат Ош Мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетинин 4-курсунун студенти.