Биздин иши жүрүшкөн бул ишкерибизди ким гана билбейт, эскерте кете турган жагдай, ал Кыргыз университетин аяктаган жана Кыргыз педагогикалык институтунда декан болуп иштеген, «Педагогика жана психологиянын теориясы жана тарыхы» темасында кандидаттык диссертациясын жактап, Советтер Союзунда өз кесиби боюнча эң жаш илимдин кандидаты болгон.
Бүгүнкү күнү Казакстан, Израил жана Канаданын жараны болуп саналган А. Машкевич бай жана иши жүрүшкөн бизнесмен катары саналат. Америкалык Forbes журналы байлыгы 3,7 млрд. долларга барабар бул адамды эң бай израилдиктердин ичинен 6-орунга койгон.
Айта кетүүчү жагдай, Кыргыз ССРи көптөгөн миллионерлер менен иши жүрүшкөн бизнесмендердин мекени болуп саналат. Бир нече биздин мурдагы жарандарыбыз эң жакшы акча табышат жана кыймылсыз мүлк сыяктуу тармактарда ийгиликтүү ишкерлик жүргүзүшүүдө.
Алардын бири — Абдырашид Акмуллаев – Кыргыз ССРинин Кант шаарында туулган, 41 жашта. Жакында анын аты россиялык ММКларда Москва облусунун Рублевка жана Барвиха райондорундагы элиталык жерлердеги операцияларга байланыштуу пайда болду.
Мындан тышкары бул ишкерликте С. В. Чéмезов — «Ростех» корпорациясынын башкы директору жана анын жубайы Екатерина Игнатова да көрүнүштү. Алар өздөрүнүн мамлекеттик «Барвиха» санаториясынан 10 минуталык жөө баскан аймакта жайгашкан элиталык кыймылсыз мүлкүн сатышкан.
Жайлуу деп эсептелген посёлоктогу имарат жана жер участогу заёмдук каражатка сатып алынган — сатуудан кийин эле баардык кыймылсыз мүлк азырынча банктын казакстандык капиталынын барымтасында турат, бирок мунун баары убактылуу.
Долбоорго ылайык имарат тонналаган мрамор жана италялык эмеректен, сандал жана кызыл дарактын материалынан, бассейн, ванна, кийим илгичтерден, кинозалдан, бильярдканадан, массаждоочудан, ашканадан, мейманканадан жана башка ондогон бөлмөлөрдөн турат.
Бул имарат курулуп бүткөндөн кийин төмөндөгүдөй болуп көрүнүш керек:
Бирок прессадагы маалыматтарга ылайык, кыргыз бизнесмени А. Акмуллаев өзүнүн өнөктөштөрү менен биргеликте бул кыймылсыз мүлктү «эң жакшы» көрүнүштө, тагыраак айтканда бузулган абалда алышкан. Себеби Чемезовдордун туугандары имараттын курулушун бүтүрүү үчүн жетишерлик каражат таба алышкан эмес.
Үй менен жердин баасы быйыл жайында жана күзүндө сатуунун себебин прессада улам-улам жаза беришкен соң төмөндөп кеткен.
«Росбалт» басылмасы архитектор-дизайнерлердин башаламандыгынан чоң көйгөйлөр пайда болгондугун жазды: «Бул имаратты көргөн ар бир инженер же куруучу конструкциянын туура эместигине жана жалпы курулуштун эрежелери бузулгандыгына таң калышкан. Чатыры кыйшык жасалып, аны менен сырткы дубалдын ортосунда ачык жер калып, ал жакка бир нече жылдан бери атфосфералык суук кирип турган.
Ошондуктан муздак дубалдары имараттын ички майда жумуштарын жасоого мүмкүнчүлүк берген эмес. Бул туура эмес курулуш иштерин оңдоо үчүн дубалдын баардык сырткы катмарын бузуп, кургатып, кайра куруп чыгуу керек болчу. Бул толук бойдон үйдү куруп чыгуу дегендик. Коммуникацияда да чоң көйгөйлөр болгон.
Мисалы, үйдүн курулушу башталган төрт жылдан кийин бассейнде эч нерсе жок болчу… Сергей Чемезов бул курулушка келгенде эсин жоготуп коё жаздаган»,- деп айткан үйдү участогу менен кошо сатууну жүргүзгөн риэлтордук агенттиктин кызматкери.
Кыргыз бизнесмени сатып алгандан кийинки бул үйдүн көрүнүшү:
Биздин бизнесменге мындай узакка созулган курулуш тоскоол болгон жок. Жердешибиз 1,4 гектар айланасындагы жерди кошо иликтеп чыгып, жердин өзү келечектеги курула турган үйдөн баалуу экендиги тууралуу тыянакка келген.
Ошондуктан эгер россиялык риэлторлор мындай үйдү бузуу «чоң көйгөй» деп эсептешсе, биздин жердешибиз үчүн курулушту бузуу – өтө деле кыйын иш эмес – Кудай жалгап Россияда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан барган көптөгөн курулушчулар иштешет эмеспи.
Түбү Кант шаарынан болгон биздин бизнесмендин дагы кандай байлыгы бар?
2016-жылы белгилүү новосибирскилик соода-көңүл ачуучу — «Ройял Парк» жана «Голден Парк» борборлору — «Ройял Эстейт» жана «Голден Эстейт» ОООлорунун менчиги болуп калды. Бул компаниялардын негиздөөчүлөрү уставдык капиталдагы 50%дык үлүш менен Абдырашид Акмуллаев жана Дмитрий Шивковдор болуп калышты.
Ошентип бул компаниялар «Ройял Парк» соода борборундагы (анын жалпы аянты – 70 миң кв. метрге жакын) жана «Голден Парк» соода-көңүл ачуучу борборундагы (29,1 миң кв. метр) аянтка толук ээлик кылышат.
Кыргызстандан чыккан бизнесмен Саратов жана Новосибирск шаарларындагы активдерден тышкары Санкт-Петербург шаарындагы «Контрактная логистика» (кампалар) фирмасынын да ээси. 2015-жылы бул фирманын кирешеси 56 млн. рублди, ал эми таза кирешеси 36 млн. рублди түздү.
Мындан тышкары А. Акмуллаевдин ысымы москвалык «САТ» ООО компаниясында жана башка кампаларды ижарага берген бир топ башка компанияларда чыгып жүрөт.
«Экономика» мындан ары да өзүнүн окурмандарын чет өлкөлөрдөгү жердештерибиздин ийгиликтери менен тааныштырмакчы.