Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын маалыматына ылайык, минималдуу айлык акы 1 миң 60 сомду түзөт, ошол эле учурда жашоо минимуму 5000 сомдон ашуун.
Мисалы, коңшу Тажикстанда минималдуу айлык акы 500 сомониден кем эмес, аны долларга которсок 80 доллар болот, сомго айлантсак биздин жашоо минимумубузга барабар сумма чыгат.
Орусияда минималдуу айлык 7500 рубль, Казакстанда болсо 24 миң 459 теңге же 5110 сом.
Өзбекстанда 179 миң 755 сум – 8360 сом, Түркмөнстанда 650 манат же 12 миң 936 сом.
2016-жылдагы парламент жыйындарынын биринде депутаттар Кыргызстандагы минималдуу айлык акы 4200 сом экенин айтышкан.
Профсоюздар болсо эн аз айлык акы 1000 сомдун тегерегинде экенин билдиришүүдө.
ЭКОНОМИКА эч кимдин пикирине каршы болгусу келбейт.
Бирок кандай болбосун Кыргызстанда маяна коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу жашоо минимумуна ылайык келбейт.
Мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысынын жыл сайын жогорулашын инфляциянын өсүүсүнө салыштырып болбойт.
Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасына ылайык, минималдуу айлык акы орточо айлыктын 35–40% пайызын эске алуу менен чыгарылат.
Кыргызстанда орточо айлык акы 15 миң 420 сомду түзөт. Демек, минималдуу маяна 6168 сом болуусу керек.