• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстандагы олуттуу көйгөй — эмгек рыногундагы башаламандык

img_7504

👁 1,666

Ата мекендик рынокто калктын формалдуу эмес иштер менен алек болуулары көз карандысыздыкты алгандан бери эле пайда болду. Өндүрүштүн кыскаруусу, жумушсуздук, калктын жашоосунун начарлоосу көз карандысыздыкты алгандан бери басымдуулук кылып келет.

Жаңы шарттарда экономиканы түзүү, гиперинфляцияга туш болуу, өндүрүштүн кыскаруусу жана жабылуусу, калктын жашоо деңгээлинин төмөндөөсү Кыргызстанды дагы кыйгап өткөн жок.

Дал ушул факторлор 90-жылдары Кыргыз Республикасынын тарыхында формалдуу эмес иш менен алек болуу көз карашын түзгөн. Бирок дал ушул формалдуу эмес тармак ошол учурда жана азыр жакырчылыктан сактап, бюджетке келген оорчулукту көтөрүп жатат, башкача айтканда мамлекет жумушсуздарга берчү жөлөк пулдан үнөмдөөдө!

Формалдуу эмес тармак Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүдө тоскоолдук кылуучу үчүн олуттуу көйгөй болуп калды. Бул тармак атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүп бербейт.

Эгерде формалдуу тармакта жумушчу орундардын көбү өнөр-жай ишканаларында, курулуш тармагында жана билим берүү тармагында көп болуп, кызмат көрсөтүү тармагында аз болсо, формалдуу эмес тармакта баары тескерисинче. Бул тармакта жумушчу орундардын көбү айыл-чарба, соода (базарлар, күркөлөр, кафелер, ресторандар, көчөдө соода кылуу), кызмат көрсөтүү (мейманканалар, батирлерди саатына берүү, официанттар, пол жуугучтар, кароолчулар, бала багуучулар, үй кызматчылары, такси ж.б.) тармагында.

Формалдуу эмес экономиканын жакшы жактарына караганда терс жактары көп экенин эксперттер белгилеп келишет. Бул ишкерлердин көмүскөдө иштөөсү, демек көмүскө экономика дагы гүлдөп жатат. Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, салык органдарынан жеке ишкерлер жашырган кирешелери (чекене соода, барлардын кирешелери, такси кызматына болгон төлөм) 33%ды түзөт.

Демек формалдуу эмес тармак экономикалык көйгөйлөрдү жаратат, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын бюджети толбойт, катталган ишкерлер арасында акыйкат эмес атаандаштык пайда болот, расмий маалымат бурмаланат, экономикалык саясат тармагында эффективдүү эмес чечимдер кабыл алынат, калктын мамлекеттик бийликке болгон ишеними төмөндөйт.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, формалдуу эмес тармакта калктын 70 %ы иштейт. Жана бул сектор кеңейүүдө. “Кыргызстанда формалдуу эмес экономиканын өнүгүүсү – бул социалдык-экономикалык абалдын начарлыгынан: жашоо шарттарынын төмөндүгүнөн калктын айла жок жасаган кадамдары. Айла жоктон адамдар алдынан кандай жумуш чыкса иштөөгө мажбур болушууда. Формалдуу эмес тармакта иштеген адам абдан аялуу катмарга кирет жана көптөгөн укуктарын коргой албай, социалдык жеңилдиктерди ала албай келет. Өлкөдө аялдар жана балдар темасы көп талкууланганы менен дал ушул жарандар калктын аялуу катмарына кирет”,-деди Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Бабаева Рысгүл Белековна.

Бирок жашоо деңгээлинин төмөндөөсү, жумушсуздуктун өсүүсү Кыргызстандын жарандарын формалдуу эмес тармакка иштөөгө мажбур кылып келет, азыр көпчүлүк жумуш берүүчү менен эч кандай келишими жок эле иштеп, ден-соолугуна келтирилген зыянга деле кайыл болууда.

“Кайрадан түзүлүп жаткан ишканалардын жетекчилеринде эмгекти коргоо тууралуу түшүнүк да жок. Жумушчу орундардын көбү сапаттуу эмес жана тиешелүү жабдуулар жокко эсе. Санитардык эрежелерге жооп бербейт. Эмгек укуктары сакталбайт, жумушчулар менен келишим түзүлбөйт”.

Дүйнөлүк практикада экономиканын формалдуу эмес тармагы нөл болгон көрсөткүч жок. Бирок эксперттер Кыргызстан эмгек рыногун жаңыдан түптөшү керектигин айтып келишет.

Өлкөдө эмгек рыногун жөнгө салуу боюнча ар түрдүү программалар иштелип чыгып, ишке ашып жатканы менен көмүскө экономика гүлдөп жатканы жашыруун деле эмес.

Ирина Байрамукова

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости