Бишкекте Кыргыз Республикасынын муздаткыч тармагынын адистери жыл сайын өткөрүлүүчү 12-съезди өттү. Бул иш-чараны «Экохолод» коомдук бирикмеси уюштуруп келет.
Съездде аталган бирикменин 2017-жылы жасаган иштери, Евразиялык экономикалык биримдиктин техникалык регламенттери, ЕАЭБдин шарттарында муздаткыч жабдуулар боюнча адистерди даярдоо, мамлекеттик, европалык стандарттар маселелери талкууланды.
Талкуунун натыйжасында «Экохолод» коомдук бирикмеси муздаткыч тармактарында мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгууда катышуу чечими кабыл алынды.
Бул жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын муздаткыч жана климаттык жабдууларын орнотуучу адистери катышышты. Ошондой эле КРнын Экономика министрлигинен, Мамлекеттик экотехинспекциядан өкүлдөр жана Россиядан, Казакстандан чакырылган адистер, Москва мамлекеттик университетинин азык-түлүк адистери катышышты.