Алардын ишмердүүлүгү көпчүлүккө маалым эмес, алар коммерциялык банктардан жана мобилдик операторлордон айырмаланып жарнамаларды көп кылышпайт. Айрым учурларда гана жергиликтүү каналдардан арзан жарнама роликтери кетип турат.
Бул институттар өздөрүн жарнамалоону сүйбөйт, биз алардын ээлери жана жетексилери ким экенин билбейбиз. Кээде биз кардар болуп, аз өлчөмдөгү насыяларды алабыз жана кээ бир учурларда муздаткыч, унаа сыяктуу буюмдарды күрөөгө коёбуз. Микрокредиттик уюмдар тууралуу буга чейин жазганбыз.
Сөзүбүздү коомчулукту дүрбөлөңгө салган окуядан баштасак. 2014-жылы Ош шаарында бизге айрым ломбарддар балдарды күрөөгө алып жатканы тууралуу айтышкан. Бул окуя чоң резонанс жараткан. Ызы-чуу токтоду, иш жабылды, эч кандай далилдер болгон жок. Бирок коомчулук “банкирлерди”, “кызыл кулактарды, “насыя берүүчүлөрдү” жана башка капиталдык институттарды жек көрүп калган, алар элдин канын сорууга көнүп калышкандай.
2009-жылдан 2016-жылга чейин ломбарддар лицензия жок эле Юстиция министрлигинде каттоого туруп иштеп келишкен. Бул ломбарддардын көбөйүшүно алып келген. Күрөөгө алар баарын алышчу – турмуш-тиричилик техникаларынан баштап кыймылсыз мүлктөрдүн документтерине чейин. Жада калса ломбард чакан базарды күрөөгө алган учур белгилүү. Ломбарддар багууга жер жок үчүн болгону малдарды гана күрөөгө алган жок окшойт. Бирок көпчүлүгү баалуу зер буюмдары менен иштегенди адатка айлантышкан. Алтын же күмүш күрөгө көп алынат.
Ломбарддын статусуна тиешелүү өтө маанилүү нерсе бар. Бул Жоопкерчилиги чектелген коом эмес, кошумча жоопкерчилиги бар коом формасындагы юридикалык жак болушу керек. Белгилүү болгондой, ЖЧКлар өз мүлкүнө эмес, уставдык капиталга гана жоопкер. Ал эми кошумча жоопкерчилиги бар коом же анын негиздөөчүсү өзүнүн мүлкү менен жооп берет. Бул ломбарддын ээлеринин карызын уставдык капиталдан гана эмес, өздөрүнөн гана өндүрүп алууга жол берет.
Кардардын тарыхы дагы маанилүү роль ойнойт. Эгерде сиз дайыма кардар болсоңуз жана карызды жабууда маселе жаратпаган болсоңуз – анда ломбард кийинки каражаттарды жакшы шарттарда берет. Ломбарддар мындай кардарларын баалашат. Негизи ломбарддар кардарларга аяр мамиле кылышып, төлөө мөөнөтүн узартып да беришет, анткени аларга маселе жаратчу кардарлар эмес, алар алчу пайыздар пайдалуу. Бир дагы ломбард кардары менен соттошууну каалабайт! Болбосо анын аброю дароо түшүп калат.
Эгерде сиз унааңызды күрөөгө коюуну кааласаңыз ломбарддардын баары эле аны кабыл ала бербейт. Эгерде алса анда төмөнкү документтер керек:
Унаа ээсинин күбөлүгү
Унаа жүрүп турушу керек
Карыз алуучу тех паспорт боюнча унаа ээси болушу шарт.
МАИден унаа камакта эмес экендиги тууралуу справканын керек (200 сом).
Каражатты алууну каттоо 30–40 мүнөт убактыңызды алат.
Унаа кайтарууда болот жана аны эч ким айдабайт.
Унааңызды баалоо үчүн анын сүрөтүн WhatsApp аркылуу жөнөтүп коюу жетиштүү.
Карыз берүү шарттары:
–10 күнгө чейин — 3%
- 1 айга чейин сумма 10 000 доллардан ашуун болсо — 4%
- 1 айга чейин сумма 10 000 доллардан аз болсо — 5%.
Унаалардын көбү 1997-жылдан баштап чыгарылган болушу керек жана МАИден справка алуу кажет. Учурда Авто-ломбарддардын көпчүлүгү дароо унааны сатып алуу кызматын да көрсөтүшөт. Бирок албетте төмөн баада.
Ал эми зер буюмдарга келсек аны ар кандай баалашат. Көпчүлүк ломбарддар металлды текшерүүчү арзан кытай жабдууларын колдонушат, алардын кээ бири болсо карап эле көрүп коюшат.
Кардарларды коргоо үчүн камсыздандыруу процедурасы киргизилген. Мыйзамда: “Ломбард күрөөгө коюлган мүлктү соодада мындай түрдөгү жана сапаттагы мүлккө пайдаланылуучу жана күрөөгө кабыл алууда аныкталуучу баалар боюнча зайымчынын пайдасына өз эсебинен толук наркта камсыздандырууга милдеттүү.” деп жазылган.
Кыргызстанда ломбарддар Орусиядагыдан айырмаланып Улуттук банкка отчёт беришпей турганын белгилей кетели. Ал жакта бардык ломбарддар Орусиянын банкынын атайын тизмесине киргизилген. Бул тармактагы абалды көзөмөлдөө үчүн киргизилген. Орусияда ломбарддар эридикалык жактардагыдай эле төлөм төлөшөт.
Биздеги мыйзам катуу эмес экенин белгилей кетели. Лицензияны бир нече күн ичинде алса болот. Бирок бизде 100гө жакын эле ломбард болгонуна карабай атаандаштык күч экени байкалат жана бул бизнестин айрымдары көлөкөдө иштеп келишет. Себеби биздин эл дагы эле кирешесин элге айткысы келбейт жана фискалдык органдар алар тууралуу билишин каалабайт.