2017-жылдын 1-сентябрынан тарта чет өлкөлөрдүн жарандары Кыргыз Республикасынын электрондук визаларын ала алышат. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер минитсрлиги билдирди.
«Таза Коом» долбоорунун алкагында чет өлкөлүктөр “электрондук визаларды” ала алышат, бул бюрократиялык маселелерди жөнгө салат.
“Электрондук виза” системасы бардык өлкөлөрдүн жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү үчүн туристтик же жумуш визаларын 90 күнгө интернет аркылуу алууга мүмкүнчүлүк берет. Виза алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын консулдуктарына кайрылбастан
www.evisa.e-gov.kg сайты аркылуу виза ала алышат.
Бул өз кезегинде биздин өлкөдө мамлекеттик институттардын таза иштешине кепилдик болот.
Эске сала кетсек, долбоорго ылайык, өлкө эл аралык маалыматтык хаб болушу керек дагы, санарип экономикага өтүп, заманбап технологиялар киргизилиши зарыл. Эң башкысы долбоор өлкөдөгү коррупцияны жана бюрократияны жоюуга жардам берет.
«Таза коом» — өлкөдөгү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуучу жана бизнес үчүн жакшы шарттарды түзүүчү жогорку технологиялык долбоор. Бийлик бул долбоор ишке ашса мамлекеттик башкаруу системасында ачык-айкындуулук орун алат деген ишенимде. Долбоор социалдык-укуктук тармактарды камтып, жарандардын коопсуздугун камсыз кылып, алардын жашоосун жакшыртат.
Чет өлкөлүктөргө виза берүү порталын түзүү биринчи кадамдардын бири.