СССР убагында Кыргызстан, тактап айтсак союз бюджети кылым курулушун курууга мүмкүнчүлүк берсе, эгемендүүлүк агымында бул тууралуу кыялдануу токтоп калган. Ал эми өлкөдөгү аймактардагы сууларды алып карасак, кудай өзү бизге чакан ГЭСтерди кургула дегендей таасир калтырат.
Ошентип мамлекетте ар кандай долбоорлор, мамлекеттик программалар пайда болду. Мындай маанилүү долбоорлордун бири – “Кыргызстанда чакан ГЭСтерди өнүктүрүү” болду, ал Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2010-жылдан бери ишке ашырылып, 20 млн доллар инвестициянын жардамы менен чакан ГЭСтер электр энергиясын иштетип чыгуу каралган.
Долбоордун адистери тарабынан көп иштер жасалды, өнүккөн өлкөлөрдүн адистери тартылды. Биздин энергетиктер Чехияда жана башка өлкөлөрдө өткөн тренингдерге катышты. Долбоордун чоң жетишкендиги чакан ГЭСтерди куруу жана иштетүү боюнча мыйзамга адаптация болгондугу болду.
Ага электр тармагына туташууга кепилдик берет, бөлүштүрүүчү компанияларга электр энергиясын жогору баа менен сатууга кепилдик берет жана алынып келинген жана алып чыга турган технологиялык жабдууларга бажы салыгын төлөбөөгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Жакында эле Чүй облусунун Кемин районундагы Тегирментин айылында дагы бир чакан ГЭС ишке кирди. 3,1 мегаватт кубаттулугу менен курулган электр станциясы 11 ай ичинде «Тегирментин ГЭС» компаниясы аркылуу курулду. Анын курулуш иштерине 215 миллион сом кеткен.
Бул ГЭС жеке каражаттарга курулду. Ээси Рахат Ирсалиев.
Рахат Ирсалиев «Тегирментин ГЭС-2» Кемин районуна кышында керек болгон электр энергиясынын 20 пайызын, жайында болсо 35 пайызын камсыз кыларын билдирди. Энергокомпаниянын ээси билдиргендей, алар Кемин районунда чакан ГЭСтер каскадын курууну пландап жатышат.
Бул жерде 2 төңкөрүштү жана улутташтырууларды эске алуу менен эң негизгиси мамлекет жеке менчикке кол тийбестик алып берүүсү маанилүү. Экинчиси иштелип чыккан электр энергиясын сатып алууга кепилдик берүү керек, бул болсо мыйзамда жазылган.
Бул тармактагы ишкерлерге муну менен эле тоскоолдуктар бүтүп калбайт. БУУнун өнүктүрүү программасынын аткаруучу директору банктагы шарттар катаал экендигине нааразы болгон: “Долбоор менен бирге биз чакан жана орто гидроэнергетиканы өнүктүрүү үчүн пландалган 20 млн долларды ала алган жокпуз.
Мында долбоордун күнөөсү жок, буга банк системи күнөөлүү. Орусиялык жеке бизнес бизге 4 чакан ГЭС куруу үчүн 25 млн доллар сунуштады, бирок мыйзамдарга ылайык, каржылоо жергиликтүү банктар аркылуу жүргүзүлүүсү керек, алар болсо администрация үчүн 25% (!!!) талап кылышат. Калган каражатка комплексти курууга болбойт”.