Расмий маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында он миңге жакын жумушсуз бар. Ал эми бейрасмий түрдө жумушсуздардын саны мындан 3–4 эсеге көп. Кыргызстанда 1 бош иш ордуна 9 жумушсуз адам туура келет экен. Ал эми жыл башынан бери калктын иш менен камсыз болуусу 1,1%га жогоруласа, катталган жумушсуздардын саны 0,5%га кыскарган. Жумушсуздардын жалпы санынын 51%ы аялдар жана жаштар болуп саналат. Кыргызстанда экономикалык жактан активдүү делген калктын саны – үч миллионго жакын адам. Алардын ар бир онунчусу жумуш менен камсыз боло элек. Көбү жумушсуздуктун негизги себеби деп жумуш орундарынын жоктугуна байланыштырат.
Бишкекте жашаган Нурбек Абдыкадыров 25 жашта, ал Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика жана менеджмент адистигин бүтүргөн. Учурда өз адистиги менен жумуш издегенине 5 айдын жүзү болду, жумуш таппай жатканын мындайча билдирди.
Ал эми мамлекеттик жумушта иштеген Каныбек Тургунбековдун айтымында, кызматкерлерди жумушка кабыл алууда тааныш-билиш аркылуу келерин жашырган жок.
Кесиптик окуу жайын бүткөндөр жумушсуз калбайт. Улуттук статистика комитети жогорку билимге ээ болгон кыргызстандык жаш адистер кандай жерлерде иштерин аныктап чыккан. Ведомствонун маалыматында, жогорку дипломго ээ болгон 10 бүтүрүүчүнүн 6су акыл эмгегин талап кылган орундарда иштейт. Жогорку окуу жайын аяктаган жети адистин бири төмөнкү тейлөө тармактарынын биринде: дүкөндөрдө, кафелерде, сулуулук салондорунда иштейт. Жогорку билимдүү төрт бүтүрүүчүнүн бири заводдо эмгектенет же фермерчилик кылат, болбосо кара жумушта иштешет. Дагы бир маанилүү учур шаардыктардын 26 пайызы тейлөө тармагында иштейт жана соода кылат. Айыл жергесинде жашагандардын 39 пайызы фермерчилик менен алектенет. КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигин маалыматына караганда, өлкө калкы 6 млн. болсо, анын ичинен 201 миңин жумушсуздар түзөт.
Чынында эле кесиптик окуу жайына кызыккан жаштардын катары көбөйүп жатканы баарыбызга белгилүү. Анткени акыркы жылдары жаштардын аң-сезими, жашоого болгон көз карашы, кесипти туура тандай билүүсүнө турмуштук факторлор өзү көрсөткөндөй бир эле учурда кесиптик окуу жайга ээ болуп, аны бүткөндөн кийин жогорку окуу жайында окуган жаштар арбын. Бул тууралуу Бишкектеги №5 кесиптик лицейдин директору Айдар Айтмырзаев белгиледи. Анын айтымында, акыркы убакта кесиптик окуу жайында билим алган жаштардын катары арбып бара жатат.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жакынкы 5 жылда Кыргызстанда айыл-чарба, өнөр-жай, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жай тармактарындагы адистерге талап көбөйөт. Ар кайсы иликтөөлөрдөн маалым болгондой, биринчи кезекте төмөндөгү адистер талап кылынат:
- Техникалык адистер: курулуш тармагындагы инженерлер, технолог-инженерлер, электрик-инженерлер;
- IT-адистер, программисттер;
- Айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жай адистери;
- Сервис жана туризм тармагындагы адистер;
- Врачтар жана медицина тармагындагы адистер;
- Педагогикалык кызматкерлер (мугалимдер, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары, дефектологдор, логопеддер ж.б.у.с.);
- Котормочулар жана лингвисттер.
Белгилей кетсек, адистердин айтымында, жумушсуздуктун санын кыскартууда өкмөт дагы жарандар дагы биргеликте аракет жасоо керектигин айтып келишет. Жумушсуздуктун айынан көптөгөн билимдүү жарандарыбыз ар кайсыл жакка бет алышууда. Мамлекетибизди жүдөткөн бул көйгөйгө туура эмес кесип тандоо көрүнүшү себепкер өңдүү. Андыктан ата-эне баласына өз каалоосу менен эмес, заман талабына жараша кесип тандоого жардам берсе, абал бир аз да болсо жеңилдечүдөй.
И. Жамалбеков