Ошондо азыр:
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына ылайык жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет:
Жалпы салык режиминин жана/же атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери бирдиктүү салыктын же салык контрактынын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тутуму боюнча милдеттүү патентти сатып алуу жолу менен орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Мында камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго — 9 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 1 пайыз.
- Ыктыярдуу патент сатып алуу жолу менен атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижарага берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо), ошондой эле, контейнерлерде, павильондордо, күркөлөрдө товар сатуу жолу менен рыноктордо ишин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 4 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 8 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 10 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго — 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 10 пайыз.
2–1. Лотоктордо, соода орундарында товар сатуу жолу менен рыноктордо ишкердикти жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери өткөн календардык жыл үчүн республиканын райондорунда жана шаарларында түзүлгөн орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн эсептелген 2018-жылга карата этап-этабы менен тариф ставкасын орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыздык деңгээлге жеткирүү менен, ай сайын 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет:
- 2015-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 2 пайыз;
- 2016-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 3 пайыз;
- 2017-жылдын 1-январынан тартып 2017-жылдын 31-декабрын кошуп алганда — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 4 пайыз;
- 2018-жылдын 1-январынан тартып жана андан ары — орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 5 пайыз.
Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүзөгө ашырылат.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго — 90 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 10 пайыз.
- Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн — орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго — 4,75 пайыз;
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна — 1 пайыз;
Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна — 0,25 пайыз;
б) кызматкерлер үчүн, пенсионер-кызматкерлерди жана I, II топтогу майып-кызматкерлерди кошпогондо, — орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт:
Пенсиялык фондго — 4 пайыз;
Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна — 2 пайыз;
б-1) орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын пенсионер-кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго — 4 пайыз өлчөмүндө;
I жана II топтордогу майып-кызматкерлер үчүн (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилген адамдардан тышкары) — каржылоо булактарына карабастан, алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын, — Пенсиялык фондго 2 пайыз өлчөмүндө;
ушул Мыйзамдын 11–1-статьясынын «а» пунктунда көрсөтүлгөн жалданган кызматкерлер үчүн Пенсиялык фондго — 6 пайыз өлчөмүндө.
Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.
- Жеке ишкердик менен алектенген, анын ичинде рыноктордо иштеген Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн ай сайын 3 пайыз өлчөмүндө Пенсиялык фонддун тилектештик бөлүгүнө белгиленет.