12–13-май күндөрү Кыргызстанда “Жашылча-жемиштерди экспорттоодо Фергана өрөөнүнүн артыкчылыктары” деп аталган бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу «Авеста» агенттиги билдирди.
Анын катышуучулары ЕБга, Кытайга, ЕАЭБге жана башка өлкөлөргө Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда өстүрүлгөн жана кайра иштетилип чыккан жашылча-жемиштерди экспорттоо, аларды ташуу жолдору жана логистика тууралуу маселелерди талкулашат.
Мындан сырткары катышуучуларда өз өнүмүн жарнамалап, ЕБдан, Кытайдан, ЕАЭБден келген эл аралык сатып алуучулар менен бизнес-байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондой эл алар кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшуп,ташуулардын сапатын жана шартын талкуулашмакчы.
Бизнес-форумду Борбор Азиялык уюмдардын консорциуму ЕБнын колдоосу менен ПРООНдун “Кең Европа: Борбор Азиядагы соодага көмөктөшүү” аймактык долбоорунун катышуусу менен уюштурууда.
Бизнес-форумга кайра иштетүүчү ишканалардын, соода компаниялардын директорлору, Кыргызстандан, Тажикстандан, Өбекстандан экспортчулар жана ЕБдан, Кытайдан, ЕАЭБден бизнес өкүлдөрү катышышмакчы.