Иш-чара «Global Youth Service Days — Бүткүл дүйнөлүк жаштардын кызмат көрсөтүү күнү» глобалдуу кампаниясынын алкагында өткөрүлүүдө. Жыл сайын ага 100дөн ашуун өлкө катышат.
“Жаштардын кайрымдуулук жумалыгы” расмий түрдө Кыргызстанда 2012-жылдан тарта өткөрүлөт. “Карыларга” караганда жаштар өзү теңдүүлөрдүн арасынан жаман иштерге кириптер болуп жаткандыктан жаштарды мындай абалдан чыгарып, коомчулукка пайда алып келүүгө үндөө башкы максат. Жаштарды активдүү жашоого чакырып, алар өз жашоосун, үй-бүлөсүнүн, айлана-чөйрөсүндөгүлөрдүн, мекенинин жашоосун жакшыртууга аракет кылышы керектигин аларга жеткирүү зарыл.
“Жаштар Кыргызстандын маанилүү бөлүгүн түзөт жана статистика мурункудай эле алардын коңшу өлкөгө мигрант болуп кетип жатканын көрсөтүүдө”,-дешет аткаминерлер жана эксперттер.
“Ал билимди алгандар дагы көпчүлүк учурларда практика жүзүндө билимдерин колдоно билишпейт. Мамлекеттик кызмат жетиштүү маяна менен камсыз кылбай келет, ал эми жеке компаниялар болсо кызматкерлеринен иш тажрыйбасы болуусу талап кылып келишет.
Статистика көрсөткөндөй, өнөр-жайдын баары бир нече аймактарда эле бар, алардын көп бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Бул жерге ИДПнын көп бөлүгү тиешелүү, өзгөчө Бишкекте.
Тилекке каршы, бул факт аймактарды өнүктүрүүдө көптөгөн маселелер бар экенин көрсөтүп, эмгекке жарамдуу болгон жаштар мекенинде калып ишкердик менен алек болгондун ордуна башка жактарга барып иштөөнү эп көрүшөт.
“Жаштар бизнес баштап, инновацияларды алып келип, жумушчу орундарды түзүп, жакшы жашоого өз күчүң менен жетсе болорун көрсөтсө бул жакшы. Көп адамдар ушундай ойлонсо биздин өлкө бат эле алдыга кадам таштамак”,-дейт Жаш ишкерлер ассоциациясынын жетекчиси Фархад Пакыров.
Кочкор-Ата шаарындагы жаш ишкер Адилет Момуналы уулу азыр Кыргызстандагы жаштар бизнести ар кандай түшүнөрүн айтты. “Айрымдары ишкерликтин жаман жактарын гана көрүшсө, кээ бирлери киреше табууну, байууну гана көздөшөт. Ишкерликтеги башкы максат адамдын өзгөрүүсү экенин көбү түшүнө бербейт. Бул уйкусуз түндөр, оор жумуш жана жыйынтыктан ырахат алуу”,-дейт ал тажрыйбасы менен бөлүшүп жатып.
“Оз бизнесиңди ачуу баарынын эле колунан келе бербейт. Бирок өзүн башкалардын жардамсыз бутуңа турсаң абдан жакшы. Ошондой эле тажрыйбаң менен досторуң туугандарың менен бөлүшсөң бул эң чоң эффект. Бул кайрымдуулук эмей эмине?”-дейт ал.
Бир эле жумада дүйнөдөгү миллиондогон жаштар өсүп жаткан жаштарга биригишет. Алар менен кошо кыргызстандыктар дагы жаңы идеяларды алып чыгышат: өз өлкөңө кантип жардам берсе болот, максатын аныктагандар үчүн бизнести кантип алып кетүү керек же ийгиликтүү бизнесмендерден турган адамдарды кайдан тапса болот деген суроолорго жооп алышат.
“Жаңы гана кадам таштагандарга тажрыйбасы менен бөлүшкүсү келген устаттар катышса болот. Кыргызстандыктар бизнеске жаңы кадам таштагандарга жол көрсөтүү, ийгиликке кантип жетсе болорун, оор күндөрдөн кантип өтсө болору тууралуу кеңеш бергени өтө маанилүү”,-дейт «Youth of Osh» уюмунун өкүлү Дастанбек Турдалиев.
Учурда экономика, менеджмент тармагында жаш адистерди даярдоо КРнын рынок экономикасынан айрымаланып турары белгилүү. ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү практика жүзүндө иштеп кете алышпайт жана тиешелүү билимге ээ эмес.
Жаш кадрлардын жоктугунан улам чакан жана орто бизнес дагы аксап келет. “ЖОЖдо эмне үйрөткөнүң унут дагы, практика жүзүндө иштегенди үйөн” деген сөз да бекеринен чыккан эмес.
Тажрыйбасы менен жана басып өткөн жолу менен тааныштырууга даяр болгон компаниялардагы тажрыйбалуу кызматкерлер менен сүйлөшкөн соң Кыргызстандагы азыркы жаштар келечекке болгон жолду жалпы стандарттар аркылуу эмес, өздөрүнүн билимин тереңдетүү менен түзүп жатканын түшүнсө болот.
Жеке мотивацияны эч кандай технология жана ыкма алмаштыра албайт. Жаш улан же жаш кыз учурда эмгекти сүйүү, билим алууга умтулуу, максатка умтулуу, кайрымдуулук сыяктуу сапаттарга ээ болуусу керек, ошондой эле чет тилдерин билүү дагы маанилүү роль ойнойт. Ансыз кызыл дипломуң болсо деле жакшы маянасы бар ишке орношуу мүмкүн эмес. Дал ушул тажрыйба, өзүңдүнбү башкадан алганбы айырмасы жок, жаштарга карьера түзүүгө чоң өбөлгө болот.
Кайрымдуулук үрөнүн сепкиси келгендерге болсо даяр жерлер толтура! Жаштар үчү устат болгусу келгендер же социалдык жактан коомго пайдалуу иш жасагысы келгендер үчүн бул иш-чара абдан пайдалуу. Жакшылыктын кенедей бир үрөнү болгонуң менен жакшылыктын жарчысы болуп жатасың!
Ирина Байрамукова