• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда жарнамаларга көзөмөл жүргүзүлөт

33

👁 1,010

Жогорку Кеӊеш жыйынында интернеттеги жарнак ишмердигин көзөмөлгө алуу чараларын ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин башчысынын айтымында, жарнактар күндөн күнгө коммуникациянын көптөгөн каналдарын камтууда, ичинде интернет түйүнү да бар. Ага кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар адамдарга чек коюлган эмес. “Балдарды коргоо максатында, мыйзам долбоору аркылуу “Интернет” түйүнүндө алкоголдук ичимдиктер боюнча жарнакка чектөө салуу демилгеси сунушталууда”, — дейт ал.

Бул мыйзам кабыл алынып калса, жарнак ишмердигин көзөмөлдөө максатында, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жарнак материалдарына мониторинг жүргүзө турганы белгилүү болду. “Жарнак жөнүндө” мыйзамда жарнак материалдарына мониторинг жүргүзүү боюнча түшүнүк жок болгондуктан, мыйзамга “мониторинг” түшүнүгүн киргизүү сунушталууда.
Асылбек Жээнбеков, Дастан Бекешев сындуу бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришти. Депутат Рыскелди Момбеков Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги мыйзам долбоорун жарнакка байкоо жүргүзүү үчүн эмес, аларды көзөмөлгө алууну колго алып, өз чөнтөгү үчүн иштөө максатында киргизип жатканын, демек, ал коррупциялык жосундарга жол ачарын белгиледи. Мындай пикирди Алмазбек Токторов да колдоду. Ал эми депутат Бакирдин Субанбеков кафе менен дүкөндөрдүн аталышын көзөмөлгө алуу зарылдыгын билдирди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости