Жыйынга Орусиядан, Кыргызстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан барган жаңгакчылык тармагын иликтеген тажрыйбалуу окумуштуулар катышышты.
Негизинен жаңгак өсүмдүктөрүн облус тургундары 300 гектар аянтка отургузушкан. Чет элдик рынокто 1 килограмм жаңгактын баасы 10 долларга барабар. Бул жаңгак көп киреше алып келет дегенди билдирет.
Конференциянын катышуучулары биринчи кезекте «Сарығаш жер сыйы» деп аталган дыйкан чарбасына барышып, ал жактан жаңгак көчөтүнүн түрү менен таанышышып, аларды өстүрүү, багуу боюнча маалыматтарды алышты.
Окумуштуулар жер шарынын 7 пайызы гана жаңгактарды өстүрүүгө ыңгайлуу экенин билдиришкен. Алардын катарында Казакстандын түштүк аймагы да бар. Өлкөдөгү 80 пайыз жаңгактар Алмата, Жамбыл, Түштүк-Казакстан облустарында өстүрүлөт. Буга байланыштуу Казакстан жаңгакты экспорттоону көздөп келет. Жакынкы 2–3 жылда өлкөдө жаңгак бактарынын аянтын 5 миң гектарга кеңейтүү пландалууда.
Чет элдик окумуштуулардын айтымында, Казакстанда жаңгакчылыкты өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал үчүн дыйкандарга бул өсүмдүктү өстүрүү тууралуу кеңири маалымат берилүүсү керек.
Эгерде окумуштуулар Казакстанда перспективалар жогору экенин айтып жатышса демек Кыргызстан да ойлонушу керек. Казакстандан айырмаланып Кыргызстандын түштүгү жангакчылык менен алектенип келет.