• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Кыргызстанда өзбек мигранттары көбөйүүдө

img_1443-1024x683

👁 717

Кыргызстанга келип эмгектенип жаткан өзбекстандык мигранттар көбөйдү. Бирок алардын так саны анык эмес. Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырып, тиешелүү мыйзамдар бузулса алар айып тартаарын эскертип жатат.

Эки өлкөнүн чек арасы аркылуу эркин каттоого уруксат берилгенден бери Кыргызстанга келип, курулуш, дыйканчылык иштерине жалданып иштеген өзбекстандыктар көбөйдү. Чек аралаш Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Бишкек шаарында иштеп жүргөн өзбекстандык жумушчуларды иш берүүчүлөр арзан акысы жана сапаттуу иши үчүн баалашат.

Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250–300 сомдон акы төлөйт. Мигранттар кимдин талаасында эмгектенсе, ошонун үйүндө жашайт. Тамак-ашы да үй ээсинин мойнунда.

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарындагы жеке курулуштарда акча таап жүргөн өзбекстандык жигиттерди да оңой табасыз. Бишкектеги көп кабатуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат. Ноокат районунун тургуну, короосундагы сарайын өзбекстандык усталарга салдырып жаткан Сайдулла Керимов «өкмөт бул боюнча элге маалымат бериши керек» деп эсептейт.

- Өзбекстандыктар өзүбүздөгү усталарга караганда арзаныраак иштешет. Алар келип каттоого турууга милдеттүү экенин билет элек. Бирок жумушка уруксат алышы керек экенин билчү эмеспиз. Мамлекет муну элге жакшылап түшүндүрсө жакшы болмок.

Ал арада мигранттарды иштетип жаткандар текшерилип, айыппул төлөөгө милдеттендириле баштаганын Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорунун тургундары кабарлашты. Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат.

Мигрантты иштетип жаткан адам Миграция кызматына кайрылып, жумушка уруксат берүүчү кагаз алууга тийиш. Тышкы жана Ички иштер министрликтеринин, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссия «Мигрант өлкөгө зыян тийгизбейби?» деп бир нече критерийлер менен карап чыккан соң эки жума ичинде уруксат кагазын берет же баш тартат. Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Асанбаев Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын ырастады, бирок азырынча алардын так саны эсептеле элек экенин билдирди.
Уруксат кагазы мигрант кыргызстандык жарандардын жумуш ордун талашпаса гана берилет. Уруксат кагазы жок иштеген мигрантка 10 миң сом айып салынат. Аны иштетип жаткан кыргыз жаранына «мыйзамсыз миграцияны колдонгон» деп кылмыш иши ачылат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости